Ойлор жана маектер

 

«Ойлор жана маектер» – насаат китеби 

 «Миң аскердик ара­басы бар чоң өлкөнү башкарсаң, сый-урматың ме­нен кызмат кыл, ишенимди акта, алдаба,

чыгым­дарды азайт, акчаны үнөмдө, элиңди сүй, корго, керектүү учурда айыл чарба иштерине колдон».

(Коңфузы)

 Байыркы Кытай ойчулу Коңфузыны (Конфуций) ким билбейт. Бул ысым кытай философиясынын өнүгүшүнүн “алтын доору” болуп саналган б.з.ч. VI-V кылымдардан берки Кытайдын тарыхы менен бирге айтылып келет. Ал эң ириде этикалык-саясий окуунун түзүүчүсү катары кытай тарыхынын жүрүшүнө таасир эткен инсан катары белгилүү. Кытайдын тарыхында алгачкы жолу өзүнүн мектебин ачкан Коңфузынын өзү баштап кеткен жана кийин анын окуучусу Лун Йү тарабынан түзүлүп, муундан-муунга өтүп келген ушул “Ойлор жана маектер” чыгармасы ХХ кылымга чейин эле кытай мектептериндеги баштапкы билим берүүнүн негизин түзүп, окуучулар аны жатка билүүгө тийиш болгон.

Бул китепти окуган адам чынында эле Коңфузынын окуусунун өзөгүн намыстуулук, баатырдык, акылдуулук, чынчылдык, эрктүүлүк, улууну сыйлоо, жакындарды сүйүп урматтоо сыяктуу сапаттарды биринчи орунга коюп, “адамгерчилик” деген түшүнүк негизги өзөк катары ачык билинип тургандыгын байкайт. Ошондой эле Коңфузынын өзүнүн окуучулары менен болгон кыска аңгемелешүүлөрүндө эч качан бийлик башында тургандарды жактап, жагынууну колдобогондугун байкасак болот. Ал тескерисинче, адамдагы акылмандуулукту, айкөлдүктү даңктап, адамдардын Асман жолуна (Жараткандын жолуна) кайчы баспоосуна чакырык кылып, адамдык сапаттардан тайбоого үндөп, адам-коом, мамлекет маселелеринде ички гармониянын сакталышын көзөмөлдөөнү талап кылып келген.

Акылмандын көз карашында “Асман” бул –“ Шанди” деп аталган улуу күч же болбосо –“Тянь”, аалам менен жер үстүндөгү тартипти орнотуучу. “Асман” жер үстүндөгү башкаруучуларды – “Асман эркин” алып жүрүүчүлөр. Алар жердеги мыйзамдарды “Асман эркине” тууралап башкара билишсе, жер үстүндө ыраатуулук өкүм сүрүп, өлкө гүлдөгөн мамлекетке айланып, элдер бейпил, жыргал турмушта жашайт делген. Кокус башкаруучу “Асман эркине” каршы иштерди жасаса, анда жер үстүнө “Асмандын” каары келет, ар кандай кырсыктар, оорулар каптап, калк башына жакырчылык келип, өлкө башына каран түн түшөт. Бул өңүттөн алганда, ойчул ошол кездеги калк башында турган императорлордун өзгөчө миссиясын белгилеп, алардын коомдогу аркалаган жоопкерчилигине баа берилген.

Кытай философу Коңфузы өзү согуш жана башаламандык өкүм сүргөн доордо жашаса да билим аркылуу кыйынчылыктарды жеңүүнүн жолун издөө аракеттеринен эч качан баш тарткан эмес. Анын афоризм түрүндө берилген ойлору ушунчалык таасирдүү болгондуктан, анын ой жүгүртүүлөрүн саясатчылар жана бийликтин адамдары иш жүзүндө колдонушкан. Ой жүгүртүүлөр билимдин тегерегинде болуп, ойлонуу, сезүү жана иш-аракеттер ортосундагы ырааттуулуктун маанилүүлүгүн билдирген ар кандай мисалдар келтирилген. Ал “Урмат-сый ар бир коомдун негизи болууга тийиш, ал эми марттык бул максималдуу жакшы нерсе, аны колдонгон адамга бакыт тартуулайт” деген. Коңфузы адамдарды табиятынан жакшы деп эсептеген жана адамдын табиятын өркүндөтүп, аны мыкты чагылдыруу үчүн калыптандыруу керектигин айтат.

“Ойлор жана маектер” жыйнагы – коңфузычылыктагы жана коңфузы­чылык илиминдеги маанилүү китептердин бири. Коңфузынын жана анын шакирттеринин суроо-жооп түрүндөгү маектерин, Устаттын адамгерчилик, изгилик, адилеттүүлүк, алтын ортолук, өлкөнү кантип баш­каруу керектиги жөнүндөгү баалуу ойлор менен маектерди окуп отурган окурман элди адептүүлүккө үгүттөп, билим берүүнү жак­шыртуу керектиги талкууланган учурларды көбүрөөк кездештирет. Ошондой эле элди башкаруу үчүн, сөзсүз, акылман, адамдык сапаты жогору турган асыл адам керектиги жана анын адамдык сапаттары жөнүндөгү ойлорго күбө болот. Ойчул ошол мезгилдерде эле эл башкаруучуларга гана эмес, бардык адамдарга карата керек болуучу таасын сапаттарды белгилөө менен бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу болуп келе жаткан ойлорун калтырган. Демек, адам баласы үчүн кайсыл мезгил болбосун адамгерчиликтүү сапат биринчи орунда турушу керек. Замандаштарынын Коңфузыга берген баасы дагы абдан жогору. Бекеринен Коңфузы окуусу бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн таасирин жоготпогон чыгар. Окуганда жөнөкөй, күнүмдүк гана сүйлөшүлгөн сөздөр сыяктуу сезилгени менен тереңине улуулукту камтыган ойлорго кантип кошулбай коё алабыз. Мисалы, талкуулардын мазмунунда аза кү­түү, курмандык чалуу, жаа атуу, музыка жана ырдоо, кааданын башаты жана маңызы берилип, каада-салт жана музыка маданияты, каада үлгүлөрү жөнүндө сөз болот. Бирок, анын тереңинде адамдыктан кетпөө, кааданы сактоо менен башкаларга үлгү болуу деген терең тарбиялык маани жатат.

Китепти түзүү иштери Коңфузы дүй­нөдөн өткөндөн кийин, Жаз жана Күз доо­рунун соңунда башталып, аягына чыгаруу иштери 30-50 жылга созулган. Эң атактуу адабий эстелик катары болгон “Ой­лор жана маектер” коңфузычылык окуусун­дагы “Төрт китептин” (“Сы шу”) бири болуп калды. Бул китепти жатка билүү бүгүнкү күндө дагы Кытайдагы билим берүүнүн милдеттүү талабы болуп са­налат.

Ал эми “Ойлор жана маектер” жыйнагы кыргыз тилине биринчи жолу которулду. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Cи Жинпиң “сөзсүз окуу керек” деп сунуштаган китептердин катарына кирген бул жый­нактын кытай тилиндеги вариантынын 300 000 даанасы буга че­йин сатылган. Америкада анг­лис тилинде 3000 китеп басылып чыгарылып, англис тилдүү окурмандардын кызыгуусун жа­ратып, жакшы баага арзыган. Демек, кыргыз тилине которулган бул “Ойлор жана маектер”китеби биздин кыргыз тилдүү окур­мандардын дагы купулуна толуп, жагымдуу пикирлерди жаратат деген ойдобуз.

 

НАЗГҮЛ АСАНАКУНОВА

 "Чыгыш адабияты жана искусствосу

басма компаниясынын башкы редактору 

 

 

Байланышта болуңуз