Кытай тилин үйрөнүүчүлөр үчүн HSK сөздүгү жарык көрдү.

 

Учурда кытай тилин үйрөнүүчүлөр үчүн “HSK сөздүгүнүн” 1-3, 4, 5, 6-деңгээли “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы тарабынан кытай-кыргыз тилинде даярдалып, басмадан жарык көрдү. Китеп Бишкек шаарындагы “Avrasya Press” басма үйүндө басылып чыкты. Бул кытайча-кыргызча сөздүк айыл жерлеринен келип, кытай тилин үйрөнүп жаткан кыргыз тилдүү окурмандардын сунуш-өтүнүчтөрүн эске алуу менен кытай тилинен түз которулуп, даярдалды. Буга чейин аталган сөздүк кытай-орус тилинде жарык көрүп, кытай тилин үйрөнүүчүлөр арасында кеңири суроо-талапты жараткан.

 

“HSK сөздүгүнүн сериясы” HSK сынагын тапшыруучулардын жана кытай тилин үйрөтүүчү мугалимдердин арасында жогору бааланып келет. Ошол себептен бул “HSK сөздүгүнүн сериясынын” ар бир бөлүмү бир канча иреттен басылууда.

 

2015-жылы Конфуций институтунун башкы штабы менен мамлекеттик Ханбан мекемеси (кытай тили боюнча Эл аралык кеңештин канцеляриясы) 2009-жылы басылып чыккан HSK жалпы программасын кайрадан карап чыгып, өзгөртүүлөрдү киргизген. Ошондон бери кытай тилин үйрөнүп, HSK сынагын тапшыруучулар арасында бул сөздүк кеңири колдонулуп келе жатат. Сөздүктүн 1-3-деңгээли кытай тилин үйрөнүүчүлөрдүн башталгыч тобундагылар үчүн. Калган бөлүктөрү улам кийинки топтор үчүн пайдаланыла берет. HSK сынагын тапшырган бардык кытай тилин үйрөнүүчүлөр кытай тилин билет деген тастыктамага ээ болушат.

                

Сөздүк мазмуну боюнча кытай тилин үйрөнүүчүлөрдүн окуу талабына толук жооп берет. Анда иероглифтер менен кошо пиньини жана кыргызча котормосу, ошондой эле көп колдонулуучу сөздөрдүн комбинациялары, синонимдери жана антонимдери кошо берилген. Мындай ыкмалар менен окуучулар жаңы сөздөрдү оңой жана бат үйрөнүп, сөз байлыгын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Сөздүктү HSK сынагына даярдануучулар гана эмес, жалпы кытай тилин үйрөнүүчүлөр дагы пайдалана алышат.

Байланышта болуңуз