Жаңы китептер жарыкка чыкты

 

Китеп сүйүүчүлөр үчүн «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компания тарабынан «Панда тууралуу повесть», «Ма Лиаңдын сыйкырдуу кыл калеми», «Чоң Баш уул менен Кичине Баш ата» жана «» Инспектор Кара Мышык атуу китептер басылып чыкты. Бул китептердин бардыгы кытай тилинен кыргыз тилине которулуп, жасалгаланып, жарыкка чыкты.

 

Кытай жазуучу Луи Сиенпиңдин «Панда тууралу повесть» чыгармасында Хуаңхы жана Янзы дарыяларынын жээгиндеги табият менен адамдын таттуу мамилеси, анын ичинде Кытай өлкөсүнүн баа жеткис байлыгы, кытай элинин улуттук сыймыгы болгон пандалардын жашоосу, аларга болгон адамдардын ар кандай мамилелери тууралуу чагылдырылган. Тактап айтканда экологиялык апааттан улам жок болуп кетүү коркунучуна кабылган кичинекей панданы кичинекей эки бала кантип коргоп-сактап калгандыгы,алардын бул аракетине ата-баба рухтары, ата-энелери жана азыркы Кытай мамлекети кандайча кол кабыш кылгандыгы жөнүндө баяндалат.

Чыгарманын темасы актуалдуу, мазмуну кызыктуу жана мааниси терең. Китеп чоңдорго да, балдарга да арналат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

"Инспектор Кара Мышык" деп аталган повесттин автору Кытайдын белгилүү балдар жазуучусу Жу Жысиаң.

Атактуу инспектор Кара Мышык токойдун бардык жашоочуларынын коопсуздугун коргогон башкы каарман.

Бул повесть дагы балдардын аруу дүйнөсүн байытып, туура тарбия берүүдө жардамчы болору шексиз. Жазуучунун бул чыгармасы жалпы он миллиондон ашык нускада басылып чыккан жана көп деген сыйлыктарга татыган.

 

 

 

 

 

 

Хоң Сүнтаонун «Ма Лиаңдын сыйкырдуу кыл калеми» жомок китеби дагы абдан кызыктуу. Кичинесинен эле сүрөтчү болууну кыялданган Ма Лиаң аттуу өспүрүм үйрөткөн устаты, ал тургай сүрөт тартканга кыл калеми жок болуп, бирок талыкпаган аракет жана изденүүлөрдүн аркасында чыныгы кыл калем чебери болуп чыгат. Өтө тырышчаактыгынын натыйжасында сыйкырдуу кыл калемге ээ болуп, көрө албагандардын айынан дүйнө кезип, көптөгөн кызыктарга жолугуп, коркунучтарга кабылып, ошону менен бирге эле көптөгөн досторду табат.

 

Ал эми балдарга арналган Жең Чүңхуанын «Чоң баш уул менен кичине баш ата» аңгемелер жыйнагында атасы менен уулунун күнүмдүк кызыктуу окуялары чебер сүрөттөлүп, балдардын таза, кыялкеч дүйнөсү сүрөттөлөт.

 

 

 

 

Башкы каармандар үй-бүлөдөгү ата-эне менен баланын ордун көрсөтүп, алардын бардык иш-аракеттеринде, өз ара мамилелери менен маектешүүлөрүндө тарбиялык мазмун камтылып, үй-бүлө психологиясы камтылган. Бул жыйнак Кытайда жогору бааланып, аңгемелердин негизинде атайын мультфильм тартылган.

 

Биз бул китептер кыргыз окурмандарын, китепти сүйгөн кичинекей бөбөктөр менен өспүрүмдөрдүн жакшы көрүп окуган китебине айланат деген ишенимдебиз.

Байланышта болуңуз