Китеп көргөзмө китеп сүйүүчүлөр үчүн мыкты мүмкүнчүлүк тартуулады

 

Бүгүн, 27-апрелде, Бишкек шаарынын эски аянтында кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Айтматовдун изи менен» деген атылыштагы жумалык фестивалдын алкагында китеп жарманкеси болуп өттү. Аталган майрам 23-апрель – дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө улай КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен КРнын Китеп палатасы тарабынануюштурулган.

Бул майрамга шаарыбыздагы китеп сүйүүчүлөрдөн баштап, беделдүү эл аралык басмаканалар, китеп дүкөндөрү, авторлор катышышты. Ошондой эле ЖОЖдордун студенттери менен мектеп окуучулары үчүн дагы китеп көргөзмөсү жакшы маанай тартуулады.

Жарманкеге Казакстан, Россия, Кытай, Өзбекстандан дагы өкүлдөр – илимпоздор, окумуштуулар жана акын-жазуучулар катышты. Чет элдик меймандар куттуктоо сөз сүйлөшүп, китептерин белекке беришти.

 

 

 

  Китеп сүйүүчүлөр үчүн «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясы дагы бир катар китептерди даярдап, жарыкка чыгарган. Алардын катарында саясий китептерден тартып, көркөм жана балдар адабияты, кытай тилин үйрөнүүчүлөр үчүн атайын сөздүктөр дагы бар.

 

 

  

              

Негизинен эле китеп сүйүүчүлөр арасында кытай элинин маданиятына жана адабиятына кызыккандар арбын. Мисалы, кытай элинин чай ичүү маданияты, кийинүү маданияты, турмуш-тиричилиги, курулуш тармагындагы архитектуралык курулуштар, жибек иштетүү, жер иштетүү ж.б. туурасында зор кызыгуу менен сурап, кайрылгандар көп.

 

Китеп жумалыгынын негизги максаты коомчулук арасында китеп окуу маданиятын жогорулатуу, авторлордун, басма үйлөрдүн, китепканалардын коомдук жана маданий жактан өнүгүүгө кошкон салымын арттыруу, белгилөө болуп саналат.

 

Аида НАДЫРБЕКОВА, «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясы, редактор

Байланышта болуңуз