«Мага өзүңдү ар башка аралыктан кучактатчы»

2020-жылы күтүлбө­гөн жерден пайда болгон коронавирустун (COVID-19) жаңы түрү козгогон пневмония эпидемиясы Кытайда башталып, бул өлкөдөгү бардык адамдарды эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүн селт эттирген окуя болду. Эпидемиянын аркасында көптөр жакындарын жоготту.

Бул эпидемия адам өмүрү канчалык кымбат экендигин дагы бир жолу катуу эскертүү менен бирге адамдардын ортосундагы ынтымакты, бир туугандык сезимдерди, сый мамилелерди, адамгерчилик сапаттарды ойготуп, мамилени бекемдеп койгондой болду.

            

«Мага өзүңдү ар башка аралыктан кучактатчы» аттуу сүрөттүү китепти барактай келгенде, арадан убакыт өтсө да эпидемия учурундагы кыйынчылыктар кайрадан эске түшөт. Коркуу жана санаа менен катар эле адамдардын жүрөгүндө бир эле учурда жаралган жылуулук жана үмүт жакын турганы менен кол жеткис аралыкта тургандай жакынына болгон кусалыкты, сагынууну, коркууну, кайгыны жууп кетиргендигин чагылдырган бул китепте «Шандоң сүрөттүү журналынын» кабарчылар тобунун эмгектери жарыяланган. Алар карапайым калктын көз карашындагы таасирдүү 40 окуяны кылдаттык менен тандап алып, бул өзгөчө тарыхый учурларды сүрөттөр менен баяндап беришкен.

 

 

      

 

Мисалы, «Башка жардам бере албасам да, башка жердеги жашылчалардын бардыгын алып келем» деген макалада кытайлык дыйкандардын кошкон салымы эпидемияга каршы күрөштө «ка­рапайым адамдардын жарыгы» болуп жаркырап тургандыгы белгиленет.

«Йүннан провинциясынын чек арасындагы кичинекей кыштакчадан жалпы­сынан 93 айыл тургуну өздөрү өстүргөн банандарын кайрымдуулук кылып, 22 тонна бананды айыл тургундары мотоциклдер менен тоодон ташып түшүшкөн». «Унаа кортежи Йүннан-Гуйжоу платосун айланып өтүп, узун кезекке тизилишкен. Баруучу жер ‒ Ухань!»-деп сүрөттөлөт макалада.

«28-январь күнү кечинде Хынандын Кайфың шаарынан келген Ли Фугуаң ошол эле айылдагы эки бир тууган ага-иниге телефон чалып, 10 000 юань чогул­туп, 16 0001 жин жаңы казылган сабиз сатып алып, 10 саат токтобой жол жүрүп, түнү менен Уханга ташыган. Шандоң провинциясындагы Шоугуаң да түнү бою уктаган эмес. Өкмөттүн уюштуруусу менен ар бир үй-бүлө өз күнөсканаларынан бадыраң терип, пенопласт кутуларына кылдаттык менен таңгакташты. Сенден эки ящик, менден эки ящик болуп отуруп бир түндүн ичинде 350 тонна жашыл­чанын биринчи партиясы жыйналды.

«Cычуанда жер титиреп, биз эң алсыз болуп турган убакта, өлкөнүн бардык булуң-бурчунан материалдык каражаттар жөнөтүлгөн. Азыр Ухань бизге мук­таж, мен аларга жеримдеги бардык жашылчаларды бергенден башка эч нерсе кыла албайм». 20 му 1 сарымсак көчөтү, 50 тонна чамгыр жана 30 000 жин жа­шылча менен Сычуан провинциясынын Шыфаң шаарындагы дыйкан Ву Чиаң­дын жардам берди. Ошол эле топтогу отуздан ашык айыл тургундары да талаада кызуу иштеп жатышты».

«Кийинчерээк өлкөнүн бардык булуң-бурчунан атайын баштапкы кайра иш­тетилген айыл чарба продукциялары Уханга жеткирилди: Гуаңси автономдуу районундагы Лиужоу шаарынан сельдерей, Хайнан провинциясынын Саня шаа­рынан төө буурчак, Гуаңдоң провинциясынын Сүвен уездинен жүгөрү, Йүннан провинциясынын Хоңхы округунан банан, Лиаониң провинциясынын Дандоң шаарынан чамгыр, Синжиаң автономдуу районунун Кашкар округунан грек жаңгагы... Жөнөтүлгөн айыл чарба азыктары жардам деп айтылган менен, анын тереңинде бүткүл өлкө боюнча дыйкандардын терең сүйүүсү, тилектештиги ка­тылган».

Караңызчы! Адамдардын биримдиги эпидемияны жеңүүдө кандай чоң күчкө айланган. Адамдар колунан келишинче өздөрү өстүргөн жашылчаларды эпидемиянын очогу болгон Ухань шаарына ташып жеткирүү менен терең тилектештикти билдиришкен.

«Сени канчалык сүйөрүмдү интернет билет» деген макалада Хуажоң илим жана технология университетинин Тоңжи медициналык институтуна караштуу Тоңжи ооруканасынын жаңы төрөлгөн балдардын реанима­ция бөлүмүндө «Кичинекей Анар» аттуу жаңы төрөл­гөн ымыркай тууралуу айтылат. «Кичинекей Анар» төрөлгөнгө чейин анын ата-энесине коронавирустун жаңы түрү пайда кылган пневмония менен ооруган бейтап деген диаг­ноз коюлуп, 3-февралда «Кичинекей Анар» төрөлөрү менен жаңы төрөлгөн балдарды жандандыруу бөлүмү­нө жаткырылган.

«Ата-энеси жанында жок болсо да, аны бир топ ме­дайым, энелер кайтарып, көптөгөн карапайым эл «Ки­чинекей Анардын» торолуп жатканына түз эфир аркы­луу көңүл бөлүп, камкордук кылып турушту.

Медицина кызматкерлери ага күнүнө сегиз жолу сүт берип, өз убагында оодарып жаткызып, такма жа­лаягын такай алмаштырып турушту...

«Кичинекей Анардын» ар бир кыймылы миллиондогон «интернеттеги ата менен апаларды» аралыктан кам көрүүгө тартты. «Кичинекей Анар» жылмай­ганда интернет колдонуучулар ага жактыруу белгисин басышат. Сүт ичсе, кичи­некей колу менен бутун кыймылдатса экран комментарийлерге толуп кетет. Түн жарымында да айрым интернет колдонуучулар интернетке кирип, «Кичинекей Анардын» уктап жатканына суктанып, медициналык кызматкерлер өз убагында ага сүт берип, оодарып жаткызыштыбы же жокпу деп «көзөмөлдөөчү» болушту»-деп жазылат.  

«3-мартта «Кичинекей Анар» бир айга толгондо «интернет кечеси» болуп, аны сүйгөн эл жылуу тилектерин жолдоду. Бир интернет колдонуучусу «бир айга толгон үй-бүлөлүк сүрөттү» колу менен тарткан. Бул үй-бүлөлүк сүрөттө ымыркайга кам көрүп жаткан медицина­лык кызматкерлер, кабарчылар жана ынтаалуу интернет колдонуучулары жана башкалар болгон.

«Апаң менен атаң ушунча узак убакыт бою чындап эле бир жолу сени кучак­тай албаганы үчүн кечирип кой, бирок медайымдар менен апалар сага жакшы камкордук көрүп жатканын көрүп, апаң менен атаңдын көңүлү жайлана түшөт. Атаң сага чың ден соолук, бактылуу, кайгы-капасыз өсүүнү каалайт». «Сүйүктүү уулум, сен күндөн-күнгө чоңоюп жатканыңда, апаң менен атаң сенин күн сайын өзгөргөнүңдү көрүп көңүлү ордуна келет...

Апаңа сенин баарынан алдыда болууңдун кажети жок, аман-эсен, ден соо­лукта жана бактылуу болушуң гана кажет». «Интернет кечесинде» «Кичинекей Анардын» ата-энеси да биринин артынан бири каалоо-тилек видеолорун жөнө­түштү.

Күтүүсүз пайда болгон эпидемияга бетме-бет келгенде ымыркайдын аты сыяктуу бүтүндөй өлкөнүн эли анардай бекем биригишти. «Кичинекей Анарды» коргоо да вирусту жеңүү үмүтүн коргоо болуп саналат». 

  

Дал ушундай элдин биримдиги менен эпидемияны басууга мүмкүн болду. Китепте ушуга окшогон мисалдар камтылып, сүрөттөрү менен элестүү чагылдырылган.

Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Аида НАДЫРБЕКОВА, «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясы, редактор

Байланышта болуңуз