Чен Руйжүн: «Мен жана менин синжиаңдык досторум»

Бул китепти окуган адам, эгер адамдын каалоосу болсо, бардык нерсени жакшы жагына өзгөртсө болорун түшүнөт.

Китепти барактай келгенде, биринчи эле китептин автору тууралуу маалымат берилет: «Чен Руйжүн, жогорку квалификациялуу инженер, 1964-жылы сентябрда Шанси провинциясынын Сиан шаарында төрөлгөн. Ал 1987-жылы Жыжиаң университетинин маалымат бөлүмүн бүтүрүп, узак убакыттар бою Кытайдын архитектура тармагында технология жана башкаруу иштери менен алектенген. 2008-жылы сентябрда 6-партиядагы Синжиаңга жардам көрсөтүү кадры катары Синжиаң өндүрүш-курулуш корпусунун 14-дивизиясынын партиялык комитетинин туруктуу комитетинин мүчөсү, дивизия командиринин орун басары болуп иштеген. Ал азыр Кытайдын архитектуралык жасалгалоо корпорациясынын партиялык комитетинин туруктуу комитетинин мүчөсү, тартип комитетинин катчысы, байкоочу комитеттин төрагасы. Бээжиндин Сичың районундагы 13-14-чакырылыштагы элдик саясий кеңеш берүү комитетинин мүчөсү, Кытай фотосүрөтчүлөр ассоциациясынын мүчөсү.

 

Жазуучу Синжиаңга жардам берип, кийин Бээжинге кайтып келип иштеп жаткан мезгилде бош убактысын туура пайдалануу менен прозага ыктап, ыр жазып, лирикага басым коюп жана фотографиялык чыгармаларды жараткан. Синжиаңга жана кошуунга болгон сүйүүсүн, Синжиаңдагы жардам иштерине болгон түшүнүгүн, ой жүгүртүүсүн чагылдырган көп сандагы макалалары «Синхуа» жаңылык сайты, «Ренмин рыбао» гезитинин интернет версиясы, «Кытай жаштары» гезитинин сайты жана башка маалымат каражаттарынын көңүлүн буруп, алардын көз карашына туура келип, удаа-удаа жарык көргөн. Кийинчерээк «Түштүк Синжиаңдын учкан ак куулары» аттуу китеби жарыкка чыгып, коомчулуктун бардык катмары тарабынан кызуу талкууга алынган. Синжиаңга жардам көрсөтүү мезгилинде ал экинчи даражадагы сыйлык менен сыйланган, же Синжиаңга жардам берген мыкты кадр катары баа берилген. Ал 2012-жылы Синжиаңга жардам берген мыкты кадрлардын өкүлү катары Борбордук комитеттин комсомолу тарабынан жаштарды шыктандыруучу ишмер катары тандалган».

 

                   

 

 

Синжиаң-Уйгур автономдуу району – Кытайдын өзгөчө көңүл бура турган маанилүү бөлүгү болуп, анын кээ бир жерлери, мисалы, Түштүк Синжиаңдын табигый шарты начар, өнүгүүсү салыштырмалуу артта болгондуктан, бардык этникалык топтордун жалпы байгерчилигин ишке ашыруу үчүн Борбордук өкмөт экономикалык жактан өнүккөн провинциялар менен шаарлардан, борбордук министрликтерден жана ишканалардан Синжиаңга колдоо көрсөтүүнү суранган экен. Мына ошол Синжиаңга жардам тобу менен бирге шарты татаал Синжиаң аймагына барган Чен Руйжүн ал жердеги кыйынчылыктар менен катар эле жакшы адамдарга кездешип, алардын туулган жерге болгон сүйүүсүн,берилгендигин, жергиликтүү каада-салтын, кең пейилдигин ж.б. өзү кездешкен, дос болуп, сый мамиледе калган адамдар аркылуу жана өзү тартып келген сүрөттөр аркылуу кеңири чагылдырып берет. Төмөндөгү айтылгандарга абай салыңыз:

 

«Кытай Эл Республикасы түзүлгөн алгачкы күндөрдөн тартып эле Борбордук комитет жана Аскердик комиссия Синжиаңда турган аскерлерге кош милдетти: чек араны коргоо, чек арадагы жерлерди аскердик конуштардын көчүп жүрүүчүлөрү тарабынан өздөштүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган. 1950-жылдын жазында чек арадагы жерлерди өздөштүргөн бул аскерлер Синжиаңда мурда болуп көрбөгөн ири дың бузуу жана өндүрүш иштерин башташкан. Көп өтпөй Жуңгар менен Таримдин эки чоң бассейнинин четинде миңдеген чакырымга созулган дың бузуу пункттары пайда болгон. Эл жашабаган жана байыркы ээн талаада иш баштоодо 100 000ден ашык жоокер үңкүрлөрдө жашап, тамак жасоо үчүн карды эрити­шип, азаптуу шарттарда талыкпай эмгектенишкен. Ал убакта көптөгөн роталар бир нече ай бою каражаты жок, туздуу суу жана жанчылган чили кошулган кесме менен гана жашашкан. Айыл чарба шаймандарын жасоо үчүн өндүрүш толугу менен автоунаа тетиктерин жана сынган жез жана темирлерди чогултуудан көз каранды болчу. Көпчүлүк бирдиктердин көлүгү жок болгондуктан, солдаттар чийден аркан эшип, аны соко тартуу үчүн колдонушуп, ээн талаада айыл чарба жерлеринин дыңы бузулган. Узак мөөнөттүү курулуштун көз карашынан алганда, чек арадагы жерлерди өздөштүргөн аскерлер дыйканчылык жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө басым жасап, көп тармактуу иштерди жүргүзүүнүн өндүрүштүк саясатын аныкташты. Алар өздөрүнүн эмгекчил колдору менен ээн жаткан Гоби чөлүнүн миңдеген гектар дың жерин өздөштүрүп, механизациялаштырылган чарбаларды түзүштү. Тянь-Шань жана Алтай тоолорунун этегиндеги түшүмдүү, чөптүү жерлерге жайыттар негизделген.

 

1954-жылы Синжиаңдын чек арадагы жерлерин өздөштүргөн аскерлерге Борбордук аскердик комитеттин буйругу менен жамааттык түрдө жумуш ордун алмаштыруу буйругу берилип, Синжиаң өндүрүштүк-курулуш корпусу түзүлгөн. «Гоби эне» аттуу таасирдүү сериал бул тарыхты 22 жагынан чагылдырган.

 

Ата Мекендин бардык булуң-бурчунан келген уул-кыздар өтө оор шартта иш баштап, Синжиаңдын өнүгүшүнө унутулгус тарыхый салым кошушкан. 3-5-9-бригадалык экспеди­циянын катышуучулары бел чечпей жаңы жетишкендиктерди жаратышты, 108 жоокер чөл аркылуу өтүп, Хотанга тынчтык орнотушту. Мүшкүлдүү шарттарда эмгектенишип, алдынкы медициналык изилдөөлөргө умтулушту; ишенимдүү сакчылар өнөр жай, байланыш, курулуш жана бизнести жалпы өнүктүрүштү. Эл биримдигинин алдынкы үлгүсү катары дыйканчылык жана мал чарбачылыгы кеңири калыптанган.

Корпустун эли 60 жылдан ашуун убакыттан бери көптөгөн машакат менен пайдубал түптөп, чек араны башкаруу жана кайтаруу үчүн адамдардын үч мууну зор күч-аракетин жумшашты. Үч муун бириктирип турган корпус руху – «Ата Мекенди сүйүү, керт башынын камын ойлобостон салым кошуу, талыкпаган эмгек, өздөштүрүү жана алдыга умтулуу». Бул «Тыт дарагы рухунун» реалисттик образы эмеспи? Учу-кыйыры жок чөлдөгү ардагер аскерлердин руху, Нанниван шаарчасынын руху, корпустун руху, бардыгы бир катарда — Кытай элинин асыл рухий байлыгы. Кооз корпусту курууну тездетүүдө корпустагы бардык улуттардын кадрларын жана эмгекчилерин шыктандыруучу зор кыймылдаткыч күч болуп саналат, ошондой эле азыркы жаштарга бир кыйла шыктандыруучу таасирин тийгизет.

 

Бүгүнкү күндө аскердик конуштардын көчүп жүрүүчүлөрү тарабынан Синжиаңдын чек арадагы жерлерин өздөштүрүүнү ишке ашыруунун биринчи кезектеги приоритети – чек араларды байытуу, чек араларды бекемдөө, чек араларды өнүктүрүү, чек араларды толуктоо жана этностук маданияттардын интеграциясын ишке ашыруу болуп саналат. Ушундай жол менен гана Синжиаң коомдук туруктуулукту жана узак мөөнөттүү тынчтыкты ишке ашыра алат. Чек ара туруктуу өнүккөндө гана өлкө куруу жана алектенүүгө бүт ыкласын коюп, эл бейпилдикте жашай алат. Синжиаңдын кээ бир жерлеринде жаратылыш шарттары оор, өнүгүү салыштырмалуу артта калган. Борбордук өкмөт бардык этностук топтордун жалпы байгерчилигин ишке ашыруу үчүн экономикалык жактан өнүккөн провинциялар менен шаарлардан, борбордук министрликтерден жана ишканалардан Синжиаңга колдоо көрсөтүүнү суранган. Мен Синжиаңга жардам берген кадр катары корпустун мүчө­сү болуу жана аскердик конуштардын көчүп жүрүүчүлөрү та­рабынан чек арадагы жерлерди өздөштүрүү боюнча тарыхый вазийпаны баары менен биргелешип аткарып жатканыма бактылуумун. Бул менин жашоомдогу абдан баалуу жашоо тажрыйбам болору шексиз. Кантип мен «Тыт дарагы рухун» тынымсыз сиңирип, өнүктүрүшүм керек?» - делет.

 

Автор чөлдө суу жок болсо дагы тамырын кенен жайып, кумга көмүлүп, бороондордо сынып, бутактары калбай калгандыгына карабастан өсүп турган тыт дарагы аркылуу ошол жерде жашаган жана ал жерди өнүктүрүү үчүн эмгектенген адамдардын кандай кыйынчылыктар болсо дагы майтарылбас эркин сүрөттөйт. Мына ошондой майтарылбас эрктин, тынымсыз эмгектин аркасында азыркы Синжиаң бутка туруп, өнүккөн.

 

«Синжиаңга жардам берүү тажрыйбасы менин байкоо көз карашымды, ой жүгүртүүмдүн тереңдигин, достошуунун кеңдигин жана сезимдеримди өзгөрттү. Ошондон улам жашоом олутташып, оюм, мүнөзүм караңгылыктан жарыкка чыкты. Ошондуктан мен бул окуяларды эстеп, иретке келтиргенимде, жүрөгүмдөгү толкундоолордун баары алкыш айтуу сезими бо­луп саналат.

                                                          

Менин жазгандарым көбүнчө таң куланөөк аткан маалда, жымжырттыкта, түшүмдө оргуп чыккан эргүү мени эрте турууга үндөп, чыдамсыздык менен аны компьютерге жазып, ар бир жазууну кылдаттык менен карап, тынчтыкта, ички жан дүйнөмдө диалог курам.

 

Бул – жан дүйнөнү тазалоо процесси. Тааныш, чын жүрөктөн жылмайган жүздөрдү карап, ошол «мээрим жана жүрөк жа­раланган» окуяларды эстеп, эрксизден көздөрүмө жаш толчу, ал тургай кээде үн чыгарып ыйлап жиберчүмүн.

 

Бул сезим тандалган сүрөттөрдө жана жазылган тексттерде чындап чагылдырылган. Мен айткан «мээрим жана жүрөк жараланган» сезимдер «Түштүк Синжиаңдын учкан ак куулары» чыгармамды жүрөгү менен окуган көптөгөн окурмандарды да таасирлентти. «Түштүк Синжиаңдын учкан ак куулары» китебим бара-бара менин визиттик карточкама айланды. Ушундан улам көптөгөн окурмандар мени менен таанышып, бир көрүп эле эски достордой сырдаша кетип, бири-бирибиз менен баарлашып, досторумдун чөйрөсү кеңейе берди» - дейт автор.

 

Бул сүрөттөргө бай китеп окурмандардын бардык чөйрөсүнө арналган.

 

АИДА НАДЫРБЕКОВА, «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясынын редактору

Байланышта болуңуз