«Бул жердин пейзажы»

Бул китеп 1974-жылы жазылып башталып 1978-жылы бүткөн.

Кытайдын атактуу жазуучусу Ваң Мыңдын бул китебинде бир адамдын тагдыры аркылуу ошол учурдагы Кытайдын Синжиаң районунун жашоочуларынын жаңыланууга болгон көз караштары, ошондой эле жашоо-турумушу менен катар эле сүйүү, адамдык мамилелер, эмгек, жаратмандык, ынтымак, көралбастык, жетекчилик менен жумушчулар ортосундагы өз ара көз караштар, аракеттенүүлөр кеңири чагылдырылган. Тагыраагы, Синжиаң автономдуу районундагы уйгур калкынын жана азчылык улуттардын 1960-жыл­дардагы жашоо-турмушу аркылуу жазуучу өзүнүн уйгур элине болгон чексиз сүйүүсүн ачып берген.

«Бул жердин пейзажы» 2013-жылдагы Кытайдын мыкты китеби деп аталып, 2015-жылы Мао Дун атындагы адабий сыйлыгын алган. Автор чек арада жайгашкан жерлердин пейзажын, ал жактагы элдин тагдырын сүрөттөөгө аракет кылат. Бул китепте эт­никалык, диний жана улуттук жеке таанымдарды чагылдырган өзгөчө байкоолор, ошондой эле уйгур элинин тарыхый тагдырын жана турмуш-тиричилигин ча­гылдырган бир топ сүрөттөөлөр бар.

«1963-жылдын аягында Бээжин педагогикалык инсти­тутунда мугалим болуп жүргөнүмдө, узак жолдогу кыйынчылыктарга карабай Синжиаңга барууну чечтим.

Биринчиден, мен өзүмдүн жашоо тажрыйбамды ке­ңейтүүнү үмүт кылдым. Экинчиден, мага Бээжиндин идеологиялык чөйрөсүнө көнүүгө мүмкүн болбой калган. «Пролетариаттын диктатурасы астында уланып жаткан революция» мени туюкка кептеп салган эле. Этникалык азчылыктар жашаган чек арага барганым оң деген ойдо болдум. Улуттар ынтымагы, мамлекеттик биримдик жана мекенди сүйүү жөнүндө сүйлөшкөндө ар дайым азыраак кыйынчылык болор деп болжодум.

1964-жылы Синжиаңдын түштүгүндөгү айылда төрт ай болдум. Ошол кезде мамлекеттин ички саясий кырдаалы күндөн-күнгө курчуй баштаган» деп жазат автор.

Андан ары «Ошол убактарда Синжиаң башаламан мезгилдерди баштан кечирди. Өзгөчө, 1962-жылы Кытай-Совет саясий араздашуулары менен бүткүл мамлекет боюнча ачарчы­лыктын шарттарында Или жана Тачың округундагы чек ара жашоочуларынын өлкөдөн качып кеткен окуялары болуп, көптөгөн адамдардын жүрөгүндө из калтырган. Ан­дан кийин 1963-1964 жана 1965-жылдары айылдарда «Со­циалисттик билим берүү өнөктүгү» пайда болгон. Төрага Мао Зедоңдун өнөктүктөгү «Формасы боюнча сол, бирок маңызы оң» деп көйгөй жөнүндө айткандары мага «солчул» деген жалаа жабууну жана коомду ууландырып, адамдарга зыян келтирүүнү сындаган адабий чыгармаларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жол ачып берди. Ошентип, бир жагынан, романдагы жеке адамга сыйынуу, таптык күрөш, импе­риализм менен күрөшүү, антиревизионизм жана башка ар кандай аталыштардан таптакыр кутулууга мүмкүн болбоду.

Экинчи жагынан, мен дагы «солчул» дегендин жогорку ба­сымы астында «солчулдун» чектен чыгуусун жана эки жүз­дүүлүктү жаңычылдык менен сындадым. Албетте, менде этникалык, диний жана улуттук жеке таанымдарды чагыл­дырган өзгөчө байкоолор, ошондой эле уйгур элинин та­рыхый тагдырын жана турмуш-тиричилигин чагылдырган бир топ сүрөттөөлөр бар эле.

1978-жылы бул роман дээрлик жазылып бүтүп, ошол тапта Маданий революция аяктап, элдин көңүлү Жиаң Чиңди жана башка «Төрт банданы» ашкерелөөгө жана сындоого бурулуп, Маданий революциянын апааттарын кайрадан карап чыгууга багытталган болчу. Менин ро­маным замандын талаптарына сыйбаган, туура келбеген сыяктанды. Романдын кол жазмаларын жогорку текчеге катып койдум жана отуз төрт жыл чаң басып жатты. 2012- жылы балам эски үйдүн уктоочу бөлмөсүндөгү шкафтан кол жазманы таап алып, абдан таң калды. Алардын кол­доосу, кубаттоосу жана анча-мынча өзгөртүүлөр менен акыры, китеп 2013-жылы жарык көрдү» деп эскерет.

Чынында эле ошол маданий революция учурунда жана андан кийин дагы чыгармачыл адам үчүн окурмандардын тамырын тартуу, чыгармада бир нерсени чагылдыруу кыйынга тургандыгын баамдоого болот.

«Кыйынчылык – искусствонун өлтүрүүчүсү, бирок ошол эле учурда искусствону жаратуучу күч болуп саналат. Кас­какка желекти такканда, жаш аскердин деми болуп көр­бөгөндөй көтөрүлө түшөт. Кичинекей бамбук шакекче­синен дагы бир бамбук шакекчесине секирген цирктеги ийкемдүүлүк адамдарды таң калтырып, кубануу менен ка­был алынат. Бут манжаларынын башындагы жан чыдагыс ооруну көтөрө билгенде гана, балеттин сыйкырдуу назик грациясы көрүнөт. Шок кыз (сахналык роль) азыркыга чейин «Жеңесин өлтүрүп, агасына ырайым кылган» Пан Жинлиенди (Кытайдын төрт классикалык романынын экөөндөгү аял каарман. Арамза­лыктын, кумарлуу сулуулуктун жана ишенимсиз аялдын образы) азгы­рыктуу, кайратын жоготтура, өлүп тирилте турган кооз­дукта, кандуу азапта ойнойт.

Өлүмдөн соң кайра жаралуу, ал өз убагында качып ке­тип гана тим болбостон, өзүнүн кайталангыс чеберчилиги жана билими бар түбөлүктүү адамгерчиликке жана адам жашоосуна ээ. Адилеттүү баада чыныгы товарлар: илим деп аталган тарых, география, улут, дин, антропология, маданият, лингвистика, батыш таануу жана чек ара таа­нуу жаатында терең изилдөө, география менен адабиятты бириктирүү, ошондой эле өзгөчө ачылыштар бар.

«Бул жердин пейзажынын» тагдыры мени жогоруда айтылган чөйрөгө умтулууга түрттү. Мен аткарышым, кө­бүрөөк иштешим керек. Менин бактысыздыктарымдын бардыгы мени өстүрүп, өйдө-ылдый кыйынчылыктар, жа­дагалса жеңилүүлөр адабий чыгармачылыктын улуу була­гы болду.

Эгер жашоо сени алдап жатса, кабатыр болбо. Кантсе да, жашоо менен кошо убакыт түрткү берди, ошондой эле ал сени жана адабиятыңды сактап калып, жарыгын чачып турат. Бул «Бул жердин пейзажынын» катуу мукабалуу басы­лышынын кириш сөзү» деп белгилейт жазуучу.

Китеп көлөмдүү, кытайчадан кыргызчага которулганда эки томдуктан турган китеп болду. Бул чыгарманы окуган кыргыз окурмандары үчүн дагы Кытай элинин басып өткөн жолунун бир үзүмүн чагылдырган чыгарма кызыктуу болот деген ойдобуз.

 

Аида Надырбекова, «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясынын редактору

Байланышта болуңуз