Бул окуя 1975-жылы Сундун чоң үй-бүлөсү жашаган Эки-Суу айылында башталат. Бирок алардын жашоосун бактылуу деп айтууга болбойт эле – үй-бүлө мүчөлөрү эптеп күн көрүп, биринин артынан бири келген ийгиликсиз учурга туш болушат. Үй-бүлөнүн кичүү уулу Шаопин тагдырын өзгөртүүнү каалайт: аны жаңы турмуш өзүнө тартып, алыстан шаар чырактары балбылдап, кыялын ишке ашыруу үчүн талыкпай, жан аябас эмгек кылууга даяр.
Бул кыйын жолдо Сунь Шаопин туңгуч сүйүүнүн бийик, жалындуу бактысын жана
биринчи жоготуунун ачуу даамын, жашоодогу өйдө-ылдыйды, кубаныч менен
кайгыны башынан өткөрөт, бирок аны тагдыр кайда алып барбасын, башкы
нерсени – кайраттуулук, боорукердик, жан аябастык жана үй-бүлө, туулган жер менен рухий байланышты эч качан жоготпойт.
Китепти окуп баштаганда эле тмакка чуркаган балдар тууралуу жазылып, ошол учурдагы элдин жашоо-турмушун чагылдырган картина көз алдыга келе түшөт. Чыгармада айтылган каармандардын бири «....ээн аянтчанын түндүк тарабынан узун бойлуу, арыкчырай улан көрүндү. Колтугуна тарелканы кысып, мойнун денесине катып, короодо теңселе басып келатты. Жигиттин бети саргыч тартып, арыкчырай, жаактары ичине кирип кеткен. Анын бетинде түптүз грек мурду коңкоет. Анын сырткы келбети жаңы эле назик балалык менен кош айтышкан, бирок такай курсак тое тамак жебегендиктен боз улан курактын өзгөчө жалындап жанчу оту жанбай калгандай.
Узун ичке буттарын алдыга таштап, ал ылайды шалпылдата кечип баратты, сыягы, себетте карарып жаткан акыркы кесим нандардын ээси сыяктуу. Аянычтуу кебетесине караганда, бул окуучунун мындан артыкка акчасы жок. Анын костюмун, чынын айтканда, мектеп формасы деп атоого оозуң барбайт: ал колго токулган кездемеден тигилип, текши боёлбогондуктан, аны кир кылып көрсөтөт. Бутундагы сары кедасы эчак эле өз боосунан айрылып, эми туш келди ак жиптин кесиндилери менен байланып калган. Кедасынын биринин капталына көк жамаачы коюлган. Шымы эки жыл мурда тигилип, андан бери көп кирип кеткендиктен, буттарын сунганда согончогуна араң жетип калган. Ырас, байпагы узун болгондуктан жылаңач буту көрүнбөйт. Ээсинен бөлөк муну эч ким билчү эмес, жиптен ийрилген бул байпактардын тамандары эбак жыртылып бүткөн, ошондон улам бут кийим кийгенде гана кынтыксыз таасир калтырат.
Жогорку класстын окуучусу аянтты түптүз кесип өтүп, нандын калдыктарын карай баратканы азыртан эле көрүнүп турду. Улан себетке жеткиче болбой дежур кыз табакты колтугуна кыскан боюнча бурулду дагы, тигини күтпөй шарт басып кетти» деп сүрөттөлөт. Бул Сунь Шаопин болчу.
«Сунь Шаопинге окуу, чынында эле, оңой болгону жок. Ага окшогон улан үчүн эртең мененки, түшкү жана кечки тамакта толтура чөйчөк тамак жеп коюш кепке арзыбайт эле, бирок ал жарыбаган эки гаолян токоч жеп жашоого туура келчү».
Ушундай ачка-ток жашоонун оорчулугун көргөн бала бара-бара китеп менен достошуп, билим алып, жашоонун оорчулугун китепке алаксуу менен жеңип чыккан. Автор бул тууралуу «Бирин-экин гаолян булочкасынан жана китептеринен башка анын үлүшүнө күн сайын эмне жакшылык буйруду дейсиз? Анын жашоосунун маанисин китептер гана чыгарып турду. Китептер гана бейпилдик тартуулады. Китептер келечекке үмүт отун жандырып, аларсыз ал азыркы катаал турмушунун оорчулугун жана кыйынчылыгын көтөрө алмак эмес» деп жазат.
Ошентип билимдин аркасы менен баш каарманыбыз дүйнө таанып, ортодо сүйүү, жоготуу, таарынуу, табышуу сыяктуу сезимдерди дагы баштан кечирет. Бирок аны алдыдагы жакшы күндөргө, жакшы жашоого болгон үмүтү, бейпил жашоону элестеткен максаты алдыга жетелеп, кайраттандырат, эмгектенүүгө үндөйт.
Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.
Аида Надырбекова, «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясы, редактор