14-февраль Бүткүл дүйнөлүк китеп белекке берүү күнү

14-февраль - Китеп белекке берүүнүн эл аралык күнү. Дүйнө эли, анын ичинде Кыргызстан да жыл сайын, 2012-жылдан тарта Китеп тартуулоо күнүн белгилейт (International Book Giving Day). 

"Чыгыш адабияты жана искусствосу" басма компаниясы бардык китеп сүйүүчүлөрдү бүгүнкү майрамы менен куттуктайт. "Китеп окуган адам билимдүү" делгендей, китепсиз билимди өркүндөтүүгө мүмкүн эмес. Андыктан бардык адамдарды китеп окууга, китепти сүйүүгө чакырабыз. 

Биздин компания өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаган 2016-жылдан бери жалпысынан 137 китепти кытай тилинен кыргыз тилине которуп, окурмандарга тартуулады. Алдыдагы жылдарда дагы Кытайдын тарыхын, маданиятын тааныткан илимий-популярдуу, көркөм китептерди, ошондой эле балдарга арналган кызыктуу китептерди кыргыз окурмандарына тартуулай бермекчи.

Китеп тартуулоо күнүнүн тарыхы кандай?

Майрамдын негиздөөчүсү — АКШдагы балдар китептери сайтынын түзүүчүсү, америкалык Эмми Бродмур.

Ага уулунун  "Эмне үчүн адамдар бири-бирине китеп тартуулай турган майрам жок?" деген суроосу китеп берүү күнүн түзүүгө түрткү болгон. Алгач Эмми өзүнүн интернеттеги досторуна, кесиптештерине айтып, 14-февралды Китеп берүү күнү деп демилгелеген.  Кийинчерээк, миллиондогон дүйнө элдери бул демилгени колдоп, "эл аралык китеп берүү күнү» макамын алууга түрткү болгон.

Китепти белекке берүү аркылуу балдар китептен боорукердикке, достукка, өз ара көмөктөшүүгө, сүйүүгө, санаалаш болууга үйрөнөт, деги эле баланын чыныгы инсан болуп калыптанышына китептин пайдасы зор.

Байланышта болуңуз