Жаңы китеп: Жөнөкөй сөз элге жакын – Си Жинпиң жактырган учкул сөздөр

Бул китеп Кытайдын Борбордук телеберүү станциясынан көрсөтүлгөн «Жөнөкөй сөз адамга жакын – Си Жинпиң жактырган сөздөр» теледолбоорунун негизинде түзүлгөн. «Баштапкы максатыңды унутпа, миссияңды эстен чыгарба» деген сөздөр аркылуу бүтүндөй партия мүчөлөрүнүн жүрөгүнө терең сакталган, ушул сөздүн аркасында ар бир адамды жоопкерчиликке үндөгөн КЭР Баш катчысы Си Жинпиңдин жаңы доордогу Кытай социализми идеясынын маанилүү пайдубалы катары «Баштапкы максат» деген сөз китептин негизги темасы катары тандалып алынган. ККП мүчөсүнүн эски салтты улантуу, келечек үчүн жаңы жол салуу, болгон аракет менен алдыга жылуу деми жана тынчсыздануусу чагылдырылган бул жыйнакта Си Жинпиңдин бир катар маанилүү баяндамаларындагы классикалык эмгектерден алып колдонгон сөздөрү чечмеленет жана өлкө башчысы жактырган бул сөздөр жаңы доордогу Кытай өзгөчөлүгү бар социализм идеясын, Кытайдын соңку кылымдагы өнүгүү тарыхын, ошондой эле кытай элинин өзүнүн тереңдеги тамырына жасаган астейдил мамилесин ачып көрсөтөт.

Жыжиаң провинциясынын Жиасиң округунун Нанху төңкөрүшүнүн мемориалдык музейинин экскурсоводу Юан Жиң мындай дейт: «Мен унута албаган окуя, албетте, 2017-жылдын 31-октябры. Шаан-шөкөттүү унаа жүрүшүнөн кийин Баш катчы машинадан түшүп келатты, Нанхуда майда жаан себелеп жаткан. Ал Нанху көлүн көпкө карап турду. Баш катчынын жылуу жүзүн көрүп, ичимдеги тынчсыздануу булут тарагандай жоголду, анан алдыга чыгып, Баш катчыга кайрадан «Нанхуга кош келдиңиз!» деп айттым. Башында мемориалдык музейди жарым саат гана кыдырабыз деп пландашкан, бирок убакыт бир саатка созулду.

Ооба. Өзгөчө биз кайра калыбына келтирген «Коммунисттик партиянын манифестинин» алдында көпкө турду. Баш катчы Коммунисттик партиянын мүчөсүнүн кыялдагыдай ишенимин сүрөттөп жатканда ушул эмгекти көп колдончу, Чын Ваңдао муну сыяга көмүлүп, зоңзы (жабышкак күрүчтөн жалбыракка оролуп жасалган тамак) жеп жатып которгон. Биз сыянын жыты жагымсыз экенин, албетте, билебиз, бирок кыялдагыдай ишеними бар ККП мүчөсү үчүн чындык момпосуйдан дагы таттуу. Эң соңунда Баш катчы мемориалдык музейде маанилүү сөз сүйлөдү. Ал ККП ушул жерде төрөлгөнүн, ушул жерден жүрүшкө чыкканын, ушул жерден бүтүндөй өлкөнүн башкаруучусуна айланганын, ушул жер партиянын негизги кан тамыры экендигин айтты. Ал жерде тургандардын баары жандуу жана унутулгус партия сабагында отургандай болушту. Азыр Баш катчынын кызыл кайыктын демин түшүндүрүп берип жатканын угуп, өзгөчө толкундандым, кайрадан баарын элестеттим.

Менин түшүнүгүм боюнча, баштапкы максатты унутпоо – жан дүйнөнүн тазалыгы. Көп жылдан бери кызыл кайыктын жанындагы үгүттөөчү катары бир гана кызыл кайыктын окуясын айтып берүү эмес, эң башкысы, жүрөгүмдүн тереңинде сезүү, дүйнөнү кайра жараткан тарыхый окуяны көрсөтүп берүү, эч качан эскирбеген мындай демди өлкөнүн ар жеринен келген көрүүчүлөр дагы сезип, ККПнын Кытай элине бакыт тартуулоо, кытай улутунун кайра жаралышына умтулуусун сезип, алардын Кытай кыялын ишке ашырууга болгон ишенимине жана күчүнө түрткү берүү».

Кызыл кайык деген эмне? Ага байланыштуу окуянын тарыхы кандай? Бул жерде ошол кызыл кайык тууралуу окуяга түшүндүрмө бере кетүү зарыл деп ойлойм. Анткени китепте «Улуу жолду таануу үчүн алгач тарыхтан сабак алуу керек» деп белгиленет.

Кызыл кайык – бул партиянын I съезди өткөн жердеги, Жиасиң округунун Нанху районундагы куткаруучу кызыл кайык. Кытай эли эркиндик үчүн далай деген өмүрлөрүн берип, жумушчу-дыйкандар көтөрүлүп, бир партияга биригип, акыры жаңы тарыхка карай кадам шилтеген ушул кызыл кайыктын тарыхын ар бир кытай сыймыктануу менен айтат. Дал ушул кайыкта партияга каршы күчтөр бут тосуп, кан төгүлгөнүнү карабастан ККПнын алгачкы съезди жыйынтыкталып, маанилүү чечимдер кабыл алынган.

ККП БКнын мектебинин проректору, профессорСие Чунтао мындайча сүрөттөйт: «Жиасиң округундагы Нанху районунда турган кызыл кайык жаандуу күндө элдин сыйына, коргоосуна бөлөнүп жатты. Туристтерге түшүндүрүп берип жаткан – Нанху төңкөрүшүнө арналган мемориалдык музейдин экскурсоводу Юан Жиң. Жиасиңге күндө он миңден ашык турист кызыл кемени көргөнү, партиянын курулушунун баштапкы максатын изилдегени келет. 20 жылдан бери ал ушундай иш-аракети менен, ушундай ыкма менен ККП мүчөсүнүн баштапкы максатын эсинен чыгарбай, кызыл кеменин демин ичинен өнүктүрүп келет».

Баш катчы Си Жинпиң мындай деп белгилеген: «Элдин ынанымы, улуттун үмүтү, мамлекеттин күчү бар. 100 жылдан бери коммунисттер муундан-муунга ынтымакта көп улуттуу өлкөнү башкарып келатат, өлкөбүз үчүн күчтүү жана терең рухий тарых түздү, ошондой эле улутубуздун кайра жаралуусу үчүн күрөшкө ынаным тарыхын түздү. 100 жылдан бери чындыктын нуру жана ынанымдын нуру бир-бирин толуктап келе жатат, төңкөрүштүн, куруунун жана реформанын процессинде жылдыздар жансын, Кытай тарыхынын асманы жаркырасын, кытай улутунун улуу кайра жаралуусунун жолу жаркырасын. Баарыңыздарга ыракмат!»

Ошондой эле Си Жинпиң: «Ташты талкалоого болот, бирок анын бекем табиятын өзгөртүүгө болбойт; киноварды (киноварь – кызыл минералдын бир түрү жана ошондон жасалган кызыл боёк) жылмалоого болот, бирок анын ачык кызыл түсүн өзгөртүүгө болбойт». Идеал жана ынанымдын бекемдиги идеялык теориянын бекемдигинен келет. Чындыкты таануу, чындыкты түшүнүү, чындыкка ишенүү, чындыкты коргоо – бекем идеал жана ынаным деминин шарты» деп белгилейт.

Партия мүчөсүнүн партияга чын дилден берилгендигин аткаруусунда көп багыттуу талаптар бар. Биринчиден, бизден саясий жактан «төрт сезимдүүлүктү» (саясий сезимдүүлүк, бирдиктүү кызыкчылыкка болгон сезимдүүлүк, жетекчиликтин борборуна болгон сезимдүүлүк, партиянын алдынкы линиясына теңелүүгө болгон сезимдүүлүк) күчөтүүбүздү, «төрт ишеничти» (өз жолуна болгон ишеним, өз теориясына болгон ишеним, өз түзүмүнө болгон ишеним, өз маданиятына болгон ишеним) бекемдөөбүздү талап кылат. Экинчиден, идеялык жактан марксизмдин илимий дүйнө тааным, жашоого болгон көз караш жана баалуулук түшүнүгүн талап кылат. Буга кошумча, дайыма жолдош Си Жинпиң башында турган ККП БКнын идеялык саясий ишмердүүлүгү менен бирдей бийиктикте болуу керек.

Борбордук партиянын тарыхы жана адабий эмгектерин изилдөө институтунун изилдөөчүсү Хуаң Ибиң: «Байыртадан азыркыга чейин көп учурда жоопкерчилик ала турган милдет – оор абалдагы кооптуу милдет, туруштук кыла турган маселе – кыйын жана татаал маселе, ошондуктан жоопкерчилик алуу үчүн чоң күч жана эрк керек. Жоопкерчилик алуу деген эмне? Тарых менен тажрыйба көрсөткөндөй, жоопкерчилик алуу милдетти өз мойнуңа коюу дегенди билдирет. Баш катчы Си Жинпиң мындай деп баса белгилеген: «Ишти баштап, анан аракет кылып жаткан адам – кыймылдагы адам; ишти баштабай, талкуулап жаткан адам – чечен адам; кыйынчылыктарды жеңип жаткан адам – күрөшүүчү, шамалдан жана жаандан корккон, чоподон жасалган айкел болбо. Эрктүүлүк менен жоопкерчилик алуу күчтүү ишке эптүүлүктөн жана милдетти сезүүдөн болот. Милдет канчалык чоң болсо, жоопкерчилик дагы ошончолук чоң болот. Биз бир окумуштуу менен таанышалы. Кытайдын картасында Гуйжоу провинциясынын Пиңтаң уезди көп көңүлдү бура бербейт, бул жерге көп адам барган эмес жана билбейт, бирок мен бир адамды, бир окуяны айтып берем. Менин оюмча, баары билсе керек, тактап айтканда, Нан Рындоң окумуштуунун Пиңтаң уездинде «Кытай кыялын» ишке ашырышы. Нан Рындоң – «Тиенян» (FAST) инженердик курулушунун башкы илимий кызматкери жана башкы инженери. 1994-жылы чет өлкөдө жакшы маяналуу жумуштан баш тарткан Нан Рындоң мекенине кайтып, Кытайда жогорку сапаттагы астрономиялык телескоп курууну чечкен. Алгачкы изилдөөдөн курууга чейинки 22 жылдык убакыт аралыгында элестетүү кыйын болгон көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, бирок Нан Рындоң эч качан артка чегинген эмес. Кытайдын түштүк-батыш чегиндеги тоолуу ээн аймакта «Тиенян» инженердик курулушу үчүн өзгөчө шарт болгондугун угуп, Нан Рындоң чыдамы кетип, эски жарандык поюзга отуруп, 50 сааттай жол жүрүп, анан максатына жеткен. Ошондон тартып бир тиги жакка, бир бул жакка жол жүрүп, орун тандаганы бир чыгышка, бир батышка каттап, акыры шарты эң ылайыктуу Гуйжоу провинциясынын Пиңтаң уездиндеги бир ойдуңду тандаган экен. Андан кийин кесиптештери менен узак жана татаал курулуш ишин баштаган. Башында көп адамды кызыктырбаган кыял соңунда мамлекеттин сыймыгына айланган. Көп жылдык эмгектен улам Нан Рындоң катуу чарчап, ооруп калган. Ооругандан кийин убакыттын кыскалыгын сезген. «Тиенян» инженердик курулушунун ишке киришине чейинки убакытты тескери санай баштаган, тескери санаган убактысы анын өмүрү эмеспи. 2017-жылдын 15-сентябрында Нан Рындоң дүйнө салган. Нан Рындоң мындай деп жазып калтырып кеткен: «Укмуштуудай кооз космос, анын сыйкырдуулугу жана көркөмдүгү биздин жупунулуктан аттап өтүп, өзүнүн чексиз жана эбегейсиз мейкиндигине чакырат». Бул сөздү өзүнө, ошондой эле бул дүйнөгө жазган» деп түшүндүрөт.

Ал ошондой эле: «Жоопкерчилик алуу деминин мазмуну эмне? Жоопкерчилик алуу деминин эң көрүнүктүү өзгөчө белгиси – күрөшө билүү. Жаңы Кытай түзүлгөндөн көп өтпөй, чет өлкөнүн күч менен кийлигишүү коркунучуна туш болду. Күрөшө алабы, жеңе алабы деген суроолор катаал сыноо болгон. 1950-жылдын октябрь айында жолдош Мао Зыдоң демократ Жоу Шыжао ж.б. менен жолуккан. Сүйлөшүү учурунда жолдош Мао Зыдоң катышуучуларга америкалык агрессияга каршылык берип жана Корея калкына жардам көрсөтүү кыймылы тууралуу айткан, айрымдары уккандан кийин күмөн санап жана тынчсызданышкан. Жолдош Мао Зыдоң, Жоу Шыжао ж.б. ички абалды толук түшүнгөн, ошондой эле бизге чындап тынчтык керектигин, эгер тычтыкты куруунун себептерин айта турган болсо, жүзгө, миңге жетерин, бирок адамдардын алардын тынчтыкка жетишин каалабай жатканын дагы айткан. Жолдош Мао Зыдоң империализм азыркы учурда огун Кытайдын түндүк-чыгышына буруп жатканын, тынчтыкты орнотуу кыйын экендигин дагы эскерткен. Биздин Американын агрессиясына каршылык көрсөтүп, Корея калкына жардам берүүбүз аларды ийгиликке жеткирген жок. Бир жолку муштоо жүз муштумдан куткарат. Жаңы Кытай жаңы түзүлүп, болот куюу жана оор өнөр жайдын пайдубалы түзүлө элегине тынчсызданган жолдош Мао Зыдоң тамашалап, маселени башка багыттан кароо керектигин айткан: Душмандардын «болоту көп, күчү аз», ал эми биздин «күчүбүз көп, болотубуз аз». Жолдош Мао Зыдоң айткан күч – күрөшүп жеңе билген эр жүрөктүүлүк күчү. Жоопкерчилик алуу деминин эң негизги тажрыйбалык талабы – ишке чындап киришүү. Жоопкерчилик алуу менен ишке чындап киришүү эгиз бир туугандай. Баш катчы Си Жинпиң айткандай, күрөшүү тарыхты жаратат, чыныгы иштин жыйынтыгы келечекти жаратат. Бул жерден баарыңыздарга өткөн кылымдын 90-жылдары Фужиен провинциясынын Фужоу округунда болгон окуяны айтып берейин. 1991-жылдын 14-январындагы «Фужиен кечи» аттуу гезитте бир маалымат жазылган, аталышы «Биз дагы «шаар жашоочуларынын иш бүтүрүү колдонмосуна» муктажбыз» деп коюлган. Бул доуфу (соя быштагы) кесиндисинин өлчөмүндөй болгон маалымат гезиттин көзгө илинбеген жерине басылган. Бул маалымат коомдун мамлекеттик органдардын тейлөө деңгээлин көтөрүү кыйкырыгын чагылдырган. Менин байкашымча, ошол убакта маалыматты жазган журналист жардам сурагысы, эскерткиси келген, ал эми кайсы убакта чечилери, кантип чечилери тууралуу эч нерсе билбесе керек. Бирок кийинки болгон окуяларды үч «элестете алгыс» нерсе менен жыйынтыктасак болот: Биринчи «элестете алгыс нерсе» – доуфу кесиндисиндей болгон маалымат жаңы эле кызматка дайындалган Фужоу округдук комитетинин катчысы жолдош Си Жинпиңдин көңүлүн бурган. Экинчи «элестете алгыс нерсе» – доуфу кесиндисиндей маалымат жолдош Си Жинпиңдин жеке көзөмөлү менен «Шаар жашоочуларынын иш бүтүрүү колдонмосу» болуп түзүлүп чыккан. Үчүнчү «элестете алгыс нерсе» – 14-январда доуфу кесиндисиндей маалымат гезитке басылып чыккандан тартып, Фужоу калкы «Шаар жашоочуларынын иш бүтүрүү колдонмосун» көргөнгө чейин 50 гана саат өткөн. Бул иштен кийин Фужиен провинциясында чоң толкун болуп, Фужиен жашоочулары мындай сезимде калышкан: башкача бир катчы келиптир. Суу жээгинде жайгашкан 14 провинциянын бири катары ал учурдагы Фужиен провинциясынын бир гана инфратүзүмү артта калбастан иштөө натыйжалуулугу дагы канааттандырарлык эмес болчу. Изилдөөдөн кийин жолдош Си Жинпиң материалдык эмес шарттардан жана талаптардан баштоону чечип, кадрдык жумушчулардын иштөө стилин маселени чечүүнүн жолу катары караган. Ушул себептен элге өтө жакын «дароо аткар» иштөө талабын сунуштаган. Чындап иш баштоого жана жоопкерчилик алууну ишке ашырууга басым жасаган. Бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү элдин арасында «дароо аткар» ишине байланыштуу жандуу окуялар кеңири тараган. Ошол жылы жолдош Си Жинпиң интервью бергенде бир сүйлөм айткан, ал: «Бизде жакшы ыкма жок эмес, пайдалуу жерлер дагы жок эмес, бизде адам кыймылдап чечпейт, ошондуктан иш-аракет баарынан биринчи экендигин айтып жатабыз», – деген» деп түшүндүрөт.

Мына ушуга окшогон нерселерлди окуп отуруп, бүгүнкү Кытайдын гүлдөп-өнүгүшүнүн себеби эмнеде экендигин аңдап-түшүнүүгө болот. Китепте мындай мисалдар абдан көп. 100 жылдар бою элди биримдикте кармап келген ККП күчү, алдыга койгон максаты, аткарган иштери тууралуу кеңири айтып берген адамдардын пикирлери китепте абдан эле көп. Анын бардыгын кагаз бетине сыйдыруу дагы оор. Андыктан китеп жарык көргөндө, кызыккан окурмандар өздөрү окуп, талдай алат деген пикирдебиз.

Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Аида Надырбекова, «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясынын редактору

 

Байланышта болуңуз