Жаңы китеп: Ыңкылапчы

Хэ Цзяньминдин дал ушул китеби кыргыз тилине которулуп, жарык көрүү алдында турат. Китепти окуп баштаганда эле бүгүнкү Кытай Эл Республшикасы үчүн кан-жанын аянбастан ыңкылапка катышкан кытай элинин баатырларынын элеси көз алдыга тартылды.

Ошол учурда«Дагун бао» гезити мындай макаланы жарыялаган: «Канкорлор тобу ашынган мыкаачылык менен, Мекенди коргогон баатырларды тирүүлөй көөмп салышыптыр!

Кечээ шаардын түштүгүндөгү бандиттердин уюгунан отуз адамдын сөөгү табылып, жерден казылып алынды…

Биздин кабарчылар билдиргендей, шаардын түштүк тарабында Чэчжаньлу көчөсүндөгү 190-үйдө Гуомиңдан өкмөтүнүн аскердик контрчалгындоо боюнча жашыруун башкармалыгы жайгашкан. Шаңхайды бошотуу боюнча элдик боштондук армиясынын күчтөрү жүргүзгөн операциянын алдында бул жерде күн сайын колго түшүрүлгөн мекенчил баатырлар тымызын кармалып, кыйноого алынган. Элдик боштондук армиясы Шаңхайга киргенде бул жердеги агенттер өлүм уясынан качып, кароолчу карыяны гана калтырып кетишкен. Кечээ бул үйдүн короосунун арт жагында жайгашкан укмуштуудай сасык жыт келген ээн талаа текшерилди. Дубалдын түштүк-батыш тарабындагы бурчта элдик боштондук армиясынын жоокерлери көмүлгөн жерди таап, андан өлтүрүлгөндөрдүн сөөгүн алып чыгышкан… Дененин абалы адамгерчиликсиз мамилени көрсөтөт: колдору аркасына жип менен байланган, башына кап кийгизилген, денесинде жана колдорунда кандын издери бар – өлөөр алдында аны болушунча кыйнашкан экен. Алынган маалыматтар боюнча, душман күчтөрүнүн агенттери чуңкурдун түбүн акиташ менен толтуруп, аны жерге тирүүлөй көмүшкөн. Дагы эки жерде – дубалдын түндүк жана түндүк-батыш бөлүктөрүндө жаңы казылган жерлер табылган, ал жерде да сөөктөр бар деп божомолдонгон. Чындыгында, түндүк- батыш дубал тарапта аткарылган иштердин натыйжасында үч чи ( англисче фут менен салыштырууга боло турган узундук чени; ар мезгилде ар түрдүү мааниге ээ болгон - 0,16 дан 0,3 метрге чейин.) тереңдикте көмүлгөн үч өлүк табылып, жерден казылып алынган. Денелердин абалы бирдей эле: башына кап кийгизилген, колдору байланган, демек, өлгөндөр тирүүлөй көмүлгөн. Андан кийин түндүк дубалды бойлото издөө жүргүзүлүп, болжол менен, төрт чи тереңдикте көмүлгөн тогуз дене табылып, казылып алынды, башкача айтканда, мурда табылган төртөө менен бирге, жалпысынан, он үч өлүк…»

Ал кезде мындай маалыматтар бир эле эмес, жүздөп саналган жана ар бир учурда кырчындай жаш өмүрлөр душмандардын колунан аесуз түрдө ажал таап, каны суудай агылып, акыры Кытай эли жүздөгөн жылдар бою күткөн күн келип, улуттун кайра жаралышын, өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эңсеген, өз өлкөсүнүн бактысы үчүн өмүр бою күрөшкөн ыңкылапчынын жеңиши келген.

Китептин автору мындай деп жазат: «Хуан Яньпэйдин «Биринчи Октябрь» поэмасы жана шаар бошотулганга он күн калганда Шаңхайда баатырдык менен, каза болгон уулу Хуан Цзиньу тууралуу окуяны мен Шаңхайдагы Лунхуадагы (Шаңхайдын түштүгүндөгү эң ирибуддахрамынынжана сейилбагынын аталышы. Сейилбактын аймагында ХХ кылымдын 20-30-жылдарында ушул жерде өлүмжазасынатартылганкоммунисттердинурматынаачылганмемориалбар. Мемориалдыккомплексмузейди, түрмө имаратын, скульптуралыктоптордужанабейиттердикамтыйт) ыңкылап баатырларынын мемориалдык музейинен билдим. Ошол окуялардын чоо-жайы билинип калгандан кийин, курман болгон уулунун урматына ыр жазган коммунист атасынын сезимдери сыяктуу жүрөгүмдө ширетилген темирдей каар катып, кайнаган жек көрүүм эч муздагысы келбеди, тынчыгысы келбеди. Лунхуа мемориалдык музейинин экспозициясында баяндалгандай, мен бул окуяны толугу менен билгим келди – ага тиешеси бар адамдардын төрөлгөнүнөн тартып, ошол окуялардын катышуучуларынын баатырдык эрдигин чагылдырган ырга чейинки таржымалды толугу менен билгим келди.

Тарыхый материалдар менен иштеп жатып, мен аң-таң калдым: 1921-жылдан бери Шаңхайдын боштондукка чыккан күнүнө чейин жана Кытай Эл Республикасынын жарыяланышына чейин, улуттук боштондук жана Жаңы Кытайдын түптөлүшү үчүн күрөшүп, тынымсыз күрөштө биринен сала бири катарга турган канчалаган ыңкылапчылардын каны төгүлгөн! Кытай ынкылабынын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген, Кытай Коммунисттик партиясы түптөлгөн жана анын борбордук аппараты алгачкы жылдары жайгашкан шаарда – Шаңхайда, дал ушул «Чыгыш Парижи» атка конгон калаада, дал ушул «бөтөн элдин жергесинде» кан дарыядай аккан экен…

Мени дагы бир нерсе өзгөчө таң калтырды: Шаңхай партиянын туулган жери гана эмес, Цзянсу провинциясынын комитетинин Гуомиңдандын чеби – Нанкин өкмөтү менен, айыгышкан күрөшүнүн чок ордосу болуп чыкты. Дал ушул себептен улам Шаңхайда, Кытай коммунисттеринин арасында ак террордун жүрүшүндө эң көп курмандыктар болгон, өзгөчө партияда жогорку кызматтарды ээлегендер көп курман болгон. Ал тургай Нанкиндеги Юйхуатай (Нанкин шаарынын түштүкчетиндеги 1920-1930-жылдардагырежимдинкурмандыктарынаарналганмемориалдыксейил бакбаррайон. Эстеликтин өзөгүн өлүмжазасынатартылганжерлертүзөт, алардынкурмандыктарытууралуудалилдержергиликтүү тарыхмузейиндесакталуу.) мемориалдык комплексиндеги ысымдардын теңинен көбүн ошол жылдары Шаңхайда курман болгон жашыруун иштеген коммунисттер ээлейт…

Аттиң десе, дал ушундай! Кара жанды кайгы каптайт…

2014-жылы Цинмин (апрель айынын башында белгиленүүчү КытайдагыКөзү өткөндөрдүэскерүү майрамы) майрамында катуу толкунданып, мен ушул күнгө чейин ошол жылдардагы курман болгон баатырлардын далилин издөөнү токтоткон жокмун – алардын издери Шаңхайда жана Нанкинде да калган экен. Алардын элеси алдында терең таазим этип, мен «Коммунисттик партиянын манифестинин» жетектөөчү жарыгы жана коммунисттин адамдык сапаттары тууралуу китеп жазууга ант бергем. Бул китепти мен мындай деп атадым: ЫҢКЫЛАПЧЫЛАР. Шаңхайдагы Лунхуа мемориалы жана Нанкиндеги Юйхуатай мемориалы ыңкылап үчүн курман болгон баатырлар тууралуу – дээрлик үч миң инсан тууралуу маалымат топтолгон. Биз болсо ондогон адамдарды гана билебиз... Ыңкылапчыларга арналган ушул китепте дагы мен, ашып кетсе, алардын жүзгө жакыны тууралуу гана айта алам! Ыңкылап бороонунун жакындашы Кытайдын өзүндөгү кырдаалга, дүйнөлүк тарыхый тенденцияларга жана Шаңхайдагы коммунисттик кыймылдын түптөлүшүнө жана дүркүрөп өнүгүшүнө түздөн-түз байланыштуу болгон».

Ыңкылаптын жеңишке жетишине жаштардын, студенттердин салымы чоң болгондугу китепте таасын баяндалат. 4-май Кыймылы, 30-май Кыймылы учурунда завод, фабрикалардын жумушчулары менен бирге жаштар дагы жалындуу ураандарды айтуу мене ниш таштоолорго катышып, мыкаачылык менен атылган окторго төшүн тосуп, өз мамлекетинин эркиндиги үчүн, антияпондук, антиимпериалисттик маанайда душманга тике карап, жан беришкен.

Партиянын түптөлүшүнүн башатында турган дагы бир улуу жазуучу дүйнөгө 30-майдагы трагедия тууралуу айтып берген – бул Мао Дунь деген ат менен белгилүү Шэнь Яньбин мырзанын жазгандарын окуйлу: «Канга – кан, канга – кан!» – бул сөздөр менин башымдан кетпей мазамды алат; менин кыжырым кайнап барат, кыжылдаган элдин арасында баратып, жаңы ишенимим тууралуу сүйлөшө турган адам тапкым келет. Күтүлбөгөн жерден жамгыр жаай баштады, анан токтоду жана кайрадан уланат. Аңгыча күүгүм шаарды өз кучагына ороп, муунта баштады, көчөлөрдө өтүп бара жаткандардын аягы суюлду. Мен кайсы бир тар көчөгө бурулуп кеттим; жамгыр мурдагыдан да катуулай баштады. Көчө чырагы жамгырдын элегинен өтүп, бир калыпта жана мээлүүн нур чачат. Дагы эле баягы ысык жана үп тарткан күүгүм – ушундан улам мени ичиме батпай жаткан кыжырдануу таптакыр чыдатпай баратат. Шамалдын деми бетиме майда тамчыларды чачыратып, бир аз салкындап калат; бирок шамал менен кошо күтүлбөгөн жерден үн толкуну келип, кан кайнап, чекемдеги кан тамыр лакылдап сого баштады: мен ырдаган адамды жана флейтанын үнүн угам, тактайларды тарсылдатып ойногон үндү угам, каткырган үндү угам! Алар кан төгүлгөн жерден жүз кадам алыстыкта – ал учурдан бери бир саат деле өткөн жок, күтүлбөгөн жерден – мына ушул ырлар, күлкү жана көңүл ачуу?!. Менин жүрөгүм лакылдап катуу согуп жатканын сезип, үстүндө карышкырлар менен жолборстор, ылдыйда бодо мал менен чочколор турган бул уятсыз, бузукулуктун сазына баткан шаарга наалат айта баштадым! Мен ысык кан катаал жана уятсыз кыйноочуларды жууп, ошол эле учурда алар менен бирге уятсыздыкты жана жамандыкты жууп таштаса экен деп тилеп, жалынам! Жамгыр тамчылары чоңоюп, жамгыр улам күчөдү, шамал күч алды: ушундай болушу керек – үп тарткан ысыктан кийин, сөзсүз, бороон болот; балким, бул анын башталышыбы?».

Автор: «Бүгүн биз тайманбастан жана толук ишеним менен минтип айта алабыз: эгерде Кытай компартиясы ошол мезгилде шаар ынкылабын жетектебегенде, эгерде шаарларда кан төгүп, тажрыйба жана унутулгус сабактарды алган баатырлар салгылашпаганда, кийинчерээк Мао Зыдоң Цзинганшань тоолорунун арасында байкалбаган Цыпинцунь айылында туруп, «Айыл шаарды курчап турат, бийликти куралдуу жол менен алыш керек!» деген Кытай ыңкылабынын багытын аныктаган жана классикалык болуп калган улуу жана туура ойду айтмак эмес.

Ыңкылаптын алгачкы этабында Кытай Коммунисттик партиясы Россиядагы Октябрь ынкылабынын тажрыйбасын көчүрүүнү тандап алган; пролетариат күчтөрү эң күчтүү болгон Шаңхай сыяктуу калкы көп шаарларда ыңкылаптык иш-аракеттерди жүргүзүүсү тегин жерден болгон эмес. Ошол мезгилде Кытай коомундагы негизги чыңалууну жараткан сызыктар эл аралык милитаристтик согуш жана колониялык эзүү болгонун унутпайлы. Милитаристтер үчүн согуш, негизинен, Түндүк менен Түштүктүн ортосунда болгон: түштүктө Гуандун, Гуанси, Юньнань жана Сычуань, түндүктө Бээжин, Тяньцзинь, Шаньси жана Дунбэй. Шаңхай тилкесиндеги милитаристтердин ортосундагы күрөш салыштырмалуу тынч болгон, өз ара мушташкан негизги арена бул жерде болгон эмес; бирок Шаңхайдагы империалисттер тарабынан кытай эли өзгөчө катуу эзилген жана аны чыныгы жер алдындагы дүйнөгө, тозокко айландырган.

Маркс менен Энгельс «Коммунисттик партиянын манифестинде» Кытай коммунисттерине иш-аракеттердин так программасын беришкен: эски дүйнөнү ыңкылап аркылуу жок кылууга болот, ага жумушчулардын кеңири массасын көтөрүү керек» деп жазат.

Чындыгында китепти окуп отуруп, эзилген элдин акыры эзүүлөргө чыдабай калгандыгы, кандай болгон күндө дагы келечек үчүн ал эзүүлөргө каршы туруп, элге жаркын жашоону алып келүүгө жан аянбастан күрөшкөндүгү, ал күрөш кандай маанайда жүргөндүгүн билгенде жүрөк үшүбөй койбойт.

«Илгертен эле бийлик эгедерлери элге кызмат кылып, эл жүрөгүн багынтышкан. Элге кызмат кылуу – бул көктөн буюрулган. Эл жүрөгүн багынтпоо, демек, көктөн берилген белекти жоготуу болуп саналат. Илгертен бери улуу иштерди жасоо оор жана кооптуу болгон. Эмне үчүн? Анткени улуу иш жасаган адам бүт эркин берип, тырышчаак болушу керек. Тоону ордунан жылдырыш үчүн Юй Гун (үйүнүн маңдайында турган тоону жылдырам деп чечкен кытай фольклорунун каарманы. Жалкоо кошуналарынын шылдыңдаганына карабастан, ал күн сайын адегенде өзү жалгыз, кийин өзүнүн балдары жана неберелери менен бирден таш ташып турган. Анын өжөрдүгү менен максатынан кайтпагандыгына суктанган көктүн ээси ага жардам берет)жылдарын да, күчүн да, аракетин да аяган эмес. Арийне, анын аракети бек болгон деп атоого болобу? Өкүнүчтүүсү, Кытайдын жаш муунуна Юй Гундун өжөрлүгү жетишпейт. Эгерде алардын ар бири Юй Гундай көк болгондо Кытайдын күчү тууралуу тынчсыздануунун кереги бар беле?

Кайсы бир өлкөлөр бай, а Кытай жарды, кайсы бир өлкөлөр күчтүү, а Кытай алсыз. Эмне үчүн мындай? Жооп жөнөкөй: аракет кылуусуз идеалдар жок... Ким максаттуу түрдө алдыга умтулса, көрүнүктүү иштерди жасоого жөндөмдүү».

Бул сөздөр бойго жетип келаткан Юй Сюсунга таандык. Чжэцзян провинциясынын Чжуцзи шаардык округунун Цзидачао деген жеринен чыккан ал Цин династиясынын бийлигинин акыркы жылдары окумуштуу даражасын алган сюцайдын уулу болчу. Ошондуктан жаштайынан окутуучулук иш кылган билимдүү атасынын таасиринде өскөн. Юйдун үй-бүлөсү көп балалуу эле, андыктан сегиз бир туугандын улуусуна окуу менен үй-бүлөгө камкордук көрүүнү айкалыштырууга туура келген.

Ыңкылапчылар арасында келин-кыздар да болгон.

«Камактагы абал адам чыдагыс болчу. Качан сени «эшек отургучта» кыйнаганда, анан да камчы менен сабаганда, дене боюң оорудан сыздап чыкканда ишеним менен идеалдар да бекемдиктин олуттуу сыноосунан өтөт. Аялдардан алсыз жерлерин табуу алда канча жеңил, бирок сүйгөн адамынын өлүмүнөн кийин, душманга болгон жек көрүүсүнүн күчү ага душмандардын бардык айла-амалын биринин артынан бирин жеңип чыгуусуна жардам берген, алар айласы кеткенде эмне кылышарын билишпей, үшкүрүнүп гана тим калышчу: «Бул кичинекей аял кандай гана чыдамкай жана күчтүү!» – бул Фанмэй аттуу баатыр аял тууралуу жазылган сөздөр.

Автор китебинин акырында мындай деген сөздөрдү жазуу менен жыйынтыктайт: «Душмандар ыңкылапчыларга карата эч качан ырайымдуу болушкан эмес. Эгерде сен ыңкылапка катышып жатсаң, анда айыгышкан күрөш жана канкор душман жаатында эч кандай алдамчы сезимге алдырбашың жана урушта катаал болушуң керек!

«Ыңкылапчылардын өздөрүн курмандыкка чалуусу – бул эң бир улуу жана баатырдык иш» деп көп айтабыз, демек, бул бактылуу жашап жаткан биз үчүн өзүбүздүн баатырларыбызды эстеп-эскерип жүрүүбүздүн негиздүү себеби болуп саналат.

Ыңкылапчылар калтырган рух – улуттун эң кымбат баалуу мурасы. Баш катчы Си Жинпиң минтип айткан: «Башты кесип салса болот, бирок идеянын тууралыгы баалуураак», «Душман бизди башыбыздан ажырата алат, бирок ишенимден ажырата албайт» (2016-жылдын 1-июлунда Кытай Коммунисттик партиясынын негизделгенинин 95 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында сүйлөгөн сөзүнөн). Бул ант саптары коммунисттердин өздөрүнүн асыл ой-ниеттерине канчалык берилгендигин көрсөтүп турат. Идеянын жарыгы күүгүмдөнбөйт, ишенимдин жарыгы өчпөйт. Биз милдеттүү түрдө күрөшчүлөрдүн акыркы каалоолорун, сөзсүз, эсибизде сактап, ошолордун урматында канын төккөн жана өмүрүн берген алардын идеалдарын эч качан унутпашыбыз керек.

Тарых уланууда, убакыт дүйнөнү өзгөртөт. Ыңкылапчылардын жана курман болгон баатырлардын тагдырына туш келген кыйынчылыктар жана оорчулук менен азап эми кайрадан кайталанбайт, бирок ар бир өлкө, ар бир улут, ал тургай жеке адам кыйынчылыктарга жана кыйчалышка дуушар болушу мүмкүн, ошондуктан күрөш жана курмандык ар дайым адамзаттын өнүгүүсүнүн маанилүү, ажырагыс бөлүгү болуп кала берет. Биз канчалык каршылык кылбайлы, кандай гана тандоо жасабайлы өлкөнүн бийик турпаты, улуттун бийик руху, айрым бир адамдын асылдыгы алардын жашоосунун, өнүгүп-өсүшүнүн маанилүү негизи болуп саналат.

Ыңкылапчы үчүн рух жана умтулуу – суу, аба, жаратылыш, тамак-аш сыяктуу. Алар өлкөнүн, улуттун жана айрым бир адамдын түбөлүктүү жашоосу, өнүгүүсү жана өсүшү үчүн да керек. Бул улуу күч адамзаттын жана коомдун алга карай прогрессивдүү кыймылы үчүн зарыл! Даңктуу ыңкылаптык рух «жалпы максатка берилген бойдон калуудан жана өз милдетин бир мүнөткө да унутпоодон» турат.

Келгиле, курман болгон ыңкылаптык күрөшүүчүлөрдүн жана республиканы түзүү үчүн өмүрүн берген баатырлардын элесин түбөлүккө сактайлы!»

 

 

Аида Надырбекова, «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясынын редактору

 

Байланышта болуңуз