Ху Аньган Пекиндин Аньшан аймагындагы Ляонин провинциясында 1953-жылы туулган.
1984-жылы Пекин илимий-техникалык университетинин магистр илимий даражасын, 1988-жылы Кытай илимдер академиясынын инженерия боюнча PhD даражасын алган. Белгилүү окумуштуу 1986—2000-жылдары Кытай илимдер академиясынын кытай таануучулар тобунун мүчөсү болгон. 2000-жылдардан тартып Цинхуа Университетинде экономика сабагы боюнча окутуучу болуп эмгектенип келет.
2000-2001-жылдары Япониянын Кэйо университетине, 2001-жылы АКШнын Гарвард университетине атайын чакыруулар менен барып лекцияларды окуп, семинарларды өткөрүп, жолугушууларга катышкан.
Ху Аньган Россиядагы Ломоносов атындагы университетке бир канча жолу чакыруу менен келип окумуштуу чыгыш таануучуларга жана студенттерге лекцияларды окуп, семинарларды өткөргөн.
Кытайдагы илимий изилдөө институтунун директору, мамлекеттик саясат жана башкаруу боюнча Цинхуа университетинин экономика мектебинин профессору, философия илимдеринин доктору, коомдук илимдер боюнча эмгектенген белгилүү адис, экономист жана саясат таануучу катары кеңири таанымал.
“1 миллиард 400 миллион калкы бар Кытай ушундай көп сандагы элин каатчылыкта каржалтпай азык-түлүк, кийим-кече жана жумуш менен камсыз кыла багып, өндүрүшүн өнүктүрүп эле тим калбастан коңшулаш жана алыскы чет өлкөлөрдү дагы көп түрлүү товарлар менен жабдып, дүйнөлүк рынокто алдыңкы сапта бара жаткандыгынын сыры эмнеде?” деген сыяктуу суроолор менен көптөгөн адамдар баш катырышууда.
Бул суроонун үстүнөн жакшылап ойлонгон адамга мында эч кандай сыр деле жоктой, өтө жөнөкөй маселедей, кандайдыр татаалдык катылбагандай сезилгени менен жакшылап баам салбаган, “дүйнөлүк цивилизацияны демократиянын айдыңынан көрөм, адамдын укугу улут менен өлкөнүн укугунан жогору турат” деген түшүнүк менен жашап, ушул сыяктуу ой жорумдар менен күн көргөн адамга Кытайдын өнүгүп-өсүшү татаал жана табышмактуу туюлат, ал тургай мында кандайдыр сыр катылгандай сезилиши мүмкүн.
Мамлекет деле адам сыяктуу башы (мээси) менен иштейт. Эгерде башы жакшы иштебесе анда буту туш келген тарапка басат, колу көрүнгөн нерсени кармайт, көзү ар нерсеге кызыгып, карай берип талыйт, оозу ар нерселерди сүйлөп башкалардын күлкүсүн же жинин келтирет, кыскача айтканда кыргыздын “башың иштебесе, буту колуңдун шору” деген таамай айтылган макалы бул жерде таасын түрдө тастыкталып турат...
Баш деген эмне? Баш деген ошол адамды аң-сезимдүү башкара турган дене мүчөсү. Ал эми улуттук идеологиячы? Улуттук идеология болсо ошол мамлекетте жашаган элди бир багытка салып, жол көрсөтүп, кыйынчылыкка учуратпай аман-эсен сактап, коопсуздугун камсыз кыла турган негизги курал.
Анда биз эң негизи нерсе болгон башты иштетүү ыкмасы аркылуу өз өз өлкөсүн экономикалык жана башка багыттар боюнча алдыга сүрөп, баштап бара жаткан кытайдын партиялык саясий түзүлүшү (1) менен американын партияларынын саясий системасын (2) кыскача болсо да окурмандарга тааныштыруу үчүн иликтөөчү, публицист жазуучу Ху Ангандын кыргыз тилине которулган, “Кытай жолу, кытай кыялы” аттуу китебинен үзүндү жарыялайбыз:
Ал эми ККПнын XVIII-партиялык съездинин чакырылышында, Президиум мүчөлөрү жана Аткаруучу төрага болгон жетекчилер Президиумга 247 кишини жана Аткаруучу төрагалыкта 41 кишини кабыл алышкан. Бул көрүнүш 38 өкүлдүктүн маалыматы жана учурдагы абалы менен түздөн-түз байланыштырылып, айрыкча саясий шайлоо чөйрөсүндөгү демократияны орнотууга жана демократияны ишке ашырууга дагы өбөлгө түзгөн.
Американын эки партиялык Улуттук Конгресс жыйынынын ачуу ыкмалары айырмаланып, бирок, негизги өзгөчөлүктөрү бирдей, ал эми жыйындын темасы менен маселеси – “шайлоо” болуп саналат.
Жыйындагы эң негизги маселе Президенттикке талапкерди жана шайлоо алдындагы өнөктүктө (Вице-Президенттике талапкерди) шайлоо болуп, ар бир партиянын саясий шайлоо алдындагы программалары бекитилет, ал программа Президенттикке талапкердин уюмунун жеке эксперттер тобу тарабынан иштелип чыгат.
Демократтар Партиясынын Конгрессинин шайлоо алдындагы манифести «Алга, Америка!» деп ураан чакырылып, партиянын маӊыздуу мааниси төрт багыттан турат:
1. Коомдун орто табы, анткени ортоңку тап шайлоочулардын эң негизги бөлүгүн түзүп, партиянын жеңишке жетүүсүндө чечүүчү ролду аткарып, шайлоонун баалуу базалык багыты болот.
2. Америка кыялы.
3. Прогресс, (4 жыл мурун Обаманын шайлоо алдындагы «Өзгөрүү» программасынын айырмасы).
4. Эл алдында айкын ачык оюн билдирүү.
Ал эми Республика Партиясынын Конгрессинин шайлоо алдындагы манифести: «Биз Америкага ишенебиз!».
Бул партиянын дагы алдына койгон төрт маӊыздуу багыттары бар:
1. Зор мүмкүнчүлүк.
2. Америка кыялы.
3. Аз жана акылдуу Өкмөттүн курамын түзүү, (муну менен алар чоӊ Өкмөтүн куруусу да эмес, андан тышкары Демократтар партиясынын өкмөтү, “акылсыз иш алып барууда” деген ойдо да болгондугуна байланыштуу “акылдуу Өкмөт” түзөбүз дегени).
4. Конституциялык Өкмөттү калыбына келтирүү, (алардын оюнда, Американын саясий системасы эчак олуттуу деградацияланганынан, конституциялык өкмөттү кайра калыбына келтирүү абдан зарыл деп эсептешкен).
Дүйнө жүзүнүн көңүлүн буруп, Америкадагы президенттик шайлоодо эки партия өздөрүнүн президенттикке талапкерин добушка коюп, 2012-жылы 6-ноябрда өткөн шайлоодо Демократтар партиясынан президенттикке сунушталган талапкери Барак Обама кайрадан экинчи ирет шайлоону жеңип чыкты.
Албетте, Америкадагы президенттик шайлоо адатынча демократиялык түрдө жүргүзүлөт, бирок, президенттик кызматка келгенден кийин, ал “авторитардык президент” же «президенттик монархияга» айланып, жеке өзү Америка федералдык Өкмөт системасындагы 3000-5000 Өкмөт чиновниктерин түздөн-түз кызматка дайындай алат, ошондой эле чиновниктердин да анын президент болуп шайлануусуна кошкон салымына да көз каранды.
Эгерде, Америка президентинин шайлоо атаандаштыгынан баштап, президенттик кызматка келгенине чейин толук бүткөн процесс катары карасак, анда “Демократиялык шайлоого” “Жеке диктатурасы” кошулган саясий процесси сымал көрүнмөк, анткени кенже Джордж Буштун эки саясий процесске чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
Ар бир төрт жыл сайын саясий шайлоо жүргүзүү, бир типтүү нөл суммадагы оюн өңдүү, анда ар дайым жеңүүчү жана жеӊилүүчү тарап бар, албетте “сен өлөсүң мен жашайм” деген түшүнүктө эмес, “сен жогорку (тепкичте), мен төмөнкү (тепкичте)” деген мааниде болуп, ар бир төрт жылда бир ирет Америка саясий конфронтацияга жана коомдун бөлүнүп-жарылуусуна дуушар болот.
20 жыл мурда (1992-жылдары) СССРдин ыдырашы жана “кансыз согуштун” аяктоосу менен Америка дүйнө жүзүндө жападан жалгыз улуу державага айланды. Ошол эле учурда ККП XIV-бүткүл өлкөлүк съездин өткөрдү, ошол маалда батыш өлкөлөрүнүн массалык маалымат каражаттарын көңүлүн “ККП качан кыйрайт болду экен?” деген суроо аябай тынчын алган.
Мен 1992-жылы АКШ Йель университетинде, “Кытай экономикасынын өнүгүүсү жөнүндө” аттуу лекциям менен тааныштырганымда, америкалыктарды “ККП качан ыдырайт болду экен?” деген маселе абдан кызыктырган эле. Анткени, СССРдин Коммунисттик партиясынын кулашы менен бүткүл Советтер Союзу таркатылып, аны менен бирге Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү Коммунисттик партия дагы жоюлуп, капитализмге багыт алган эле. Ал мезгилде ККП менен Вьетнам Коммунисттик партиясы гана социалисттик багыттагы жолун сактап, ошол эле тапта реформалоону жана ачык саясатты жүргүзүшкөн. Мындай себептерден 20 жыл мурун Кытай жана Америкада саясий шайлоо өтүп, саясий Өкмөт алмашуу процесси жүрүп жатканда, батыш өлкөлөрүндөгү массалык маалымат каражаттарынын талкуулоо маселеси өтө айырмаланган.
Ал мезгилде, “ККП кайсы бир күнү ыдырайт” деп ойлогондор бүгүнкү күндөгү ККПнын күчтүүлүгүн көрүп, ишене албай отурушат. Күндөн күнгө Кытай жетекчилери күчтөрүнө кирип, экономикалык түзүлүшү, соода-сатык жүргүзүү боюнча дүйнө жүзүндө экинчи орунда туруп, илимий-техникалык күчтүүлүгү жагынан бардык күчтүү өлкөлөрдөн озуп өтүп, Америкадан кийинки орунду ээледи.
Биз, саясий демократиянын жолжобосу аркылуу Америка менен Кытайдын ортосундагы абалды эл аралык деңгээлде салыштырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.
АКШнын “Республикалык” жана “Демократтар” партиялары Улуттук Конгрессте кол көтөрүү шайлоо формасы аркылуу Башкы Ассамблеянын Президентин жана Вице-президентин шайлоо жолу менен 2 кишини тандап алышат. Андан соң алар өз ара атаандашып, бирөөсү жеңип, экинчиси жеӊилип бир типтүү нөл суммадагы оюн сымал сезилет.
Анын маӊызы Американын саясатынын бөлүнүшүн, коомдун бөлүнүшүн көрсөтөт. Мисалы, Барак Обама президенттикке шайланган соң, эки партиянын ортосундагы карама-каршылыкты жоюуга аракет жасап, бирдиктүү Американы түзүүгө чакыруусу, анын шайлоодогу жеңишинен кийинки бетме-бет туш болгон эң негизги көйгөй эле...
Чындыгында, Америка менен Кытайдын саясий системасы, саясий маданиятынын негизи, саясий шайлоо жыйынтыгы бири-биринен айырмаланат, албетте, саясий жетишкендиктери дагы ар түркүн экенине мен кесипкөйлүк (профессионалдык) менен баа берем.
Кытайдын көз карашы менен караганда, КПКнын жыйынында эски жетекчилердин жаӊыларга алмашуусу Американын саясий эки партия конгрессинен бир топ эле алыс, Президенттик шайлоодо саясий демократиянын формасы ар түрдүү, демократия процедурасы татаалыраак, артыкчылыгы көбүрөөк жана майнаптуураак. Бул жолку Кытай жана Американын саясий шайлоолору, Өкмөттүн алмашуусу бизге түздөн-түз реалдуу салыштыруу иштерине өбөлгө түзөт.
Биринчиден ККПнын XVIII-съездинин өкүлдөрү Борбордук Комитеттин (мындан ары Борбордук Комитет-БК деп белгиленет) мүчөлөрүн шайлашат. Мындай шайлоонун талабы эки этаптан турат:
Алгач алдын-ала шайлоо жүргүзүлөт, андагы пропорциялык айырмачылык катталган 19 адамдын санын түзөт, андан соң жыйында расмий шайлоо жүргүзүлүп, шайлоодогу талапкерлердин жана шайлоочулардын санынын дал келүүсү такталат.
БКнын 205 мүчөсү жана БКнын мүчөлүгүнө талапкер 171 адам, жалпысынан 376 адамды камтыйт, биз аларды “Кытай саясатчылар бирикмеси” деп атасак болот.
Экинчиден, жыйында ККП БКнын тартипке салуучу (дисциплинардык) текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо.
Бул шайлоонун айырмачылыгы катталган 11 адамдын санынан туруп, расмий шайлоого 130 талапкер катышат.
БКнын XVIII-пленардык жыйынында ККП БКнын жетекчилер түзүлүшүнүн (структурасынын) расмий шайлоосунан кийин, ККП БКнын политбюросунун мүчөсү 25 адам, ККП БКнын Политбюросунун (Саясий бюро) Туруктуу Комитетинин мүчөсү 7 адам, ККП БКнын башкы катчысы 1 адам, ККП БКнын Катчылыгына 7 адам, ККП БКнын аскердик Кеңешменин төрагалыгы, төрагалыктын орун басары жана мүчөсү 11 адам, ККП БКнын тартипке келтирүүчү (дисциплинардык) текшерүү комиссиясынын катчысы, катчынын орун басары жана Туруктуу комитеттин мүчөлөрү 19 адамды камтыйт.
Эгерде кош эсептен турган кызматкерлерди кемитсек, анда жалпысынан 53 адамды түзөт. Ошол тапта ККП БКны башкаруу жетекчилер жааматтык саясий шайлоо аяктайт. Бирок, бүткүл саясий шайлоо жүрүмү толук соңуна чыга элек, анткени, 2013-жылы февраль айында ККП БКнын XVIII-съездинин экинчи пленардык отуруму чакырылып, ККП БКнын атынан XII-Бүткүл кытай элдик өкүлдөрүнүн жыйынында эӊ негизги мамлекет башкаруу жетекчилер структурасынын тизмесин сунуштайт. Анын ичинде Бүткүл кытай элдик өкүлдөр жыйынынын жана Туруктуу Комитеттин мүчөлөрү, мамлекет төрагасы, төраганын орун басары, Мамлекеттик кеңешменин Премьери жана штаттык курамы, КЭР Борбордук аскердик Кеңешменин төрагасы, төрага орун басары жана Кеңешменин мүчөлөрү, Жогорку элдик соттун төрагасы, Жогорку элдик прокуратуранын төрагасы, мындан сырткары Бүткүл кытай комитеттин кытай элдик саясий консультативдик кеңештин XII-съездинде Бүткүл кытай комитеттин кытай элдик саясий консультативдик кеңештин жетекчилигине талапкерлердин тизмеси дагы сунушталган.
Чындыгында Кытайдын саясий шайлоосунун жүрүшү, бир эле жолу эмес, эки жолу Бүткүл кытай өкүлдөр жыйыны аркылуу жүргүзүлөт; бир гана жолу шайлоо өткөрүп койбостон, эки ирет шайлоо жүргүзүлөт; бир же эки адамды эле тандабастан, жетекчилер жамаатын шайлашат, адегенде, ККП БКнын жамаат жетекчилерин, андан соӊ мамлекет жетекчилеринин жамаатын шайлашат.
Дэн Сяопиндин негизги саясий көз карашында “мамлекеттин тагдыры бир же эки адамдын колунда болуусу ─ өтө кооптуу” -деген.
Азыркы көз караш менен айтканда, мындай абалды жеке эле Кытай колдонбостон, Америка дагы колдонууда. Мисалы, кенже Джордж Буш чоң шайлоо учурунда жаңы жумуш орундарын түзүүнү, жогорку технологиялык чөйрөнү өркүндөтүүнү сунуштаган. Бирок, “9∙11” каргашалуу окуя анын негизги саясий нугун дароо эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө бурган, антитеррористтик чабуул шылтоосу шайлоо учурунда эки согуш талаасына айланткан, ошол эле учурда дүйнөлүк каржы кризистин айынан дүйнөлүк экспорттор курулай күйгөн эле.
Чындыгында кенже Джордж Буштун Америкага кылган ишинин натыйжасы чоң каталык болчу, анын негизги себеби, жеке авторитардык системасы, индивидуалдык (бир өзүнө таандык) чечими жана жеке диктатурасы.
1992-жылы ККП БКнын жетекчилер жамаатын кайрадан шайлоо жана Америкадагы президенттик шайлоо менен “шайкеш келип”, ошол мезгилде АКШ күчтүү держава аталып, эч бир мамлекетти теңине албай, Кытай өлкөсүнө каршы санкцияларды киргизген. Андан бери 20 жыл өттү, быйыл кайрадан шайлоо убагы “шайкеш келип”, 20 жылкы жолугушуудан бери эмне өзгөрүүлөр болду?
Менин жеке оюмча, эң чоң айырмачылык, азыркы мезгилдеги Кытайдын позициясы дүйнө жүзүндөгү абалды түп тамырынан бери өзгөрткөндүгүндө.
Бүгүнкү күндө Кытай, дүйнө жүзүндө экономика, соода-сатык системасы, илимий-техникалык күчтүүлүгү, бүткүл улуттук күч-кубат жагынан жер жүзүндөгү мамлекеттердин арасында экинчи орунду ээледи.
Бүгүн биз көрүп тургандай Кытай менен Америкадагы шайлоолор дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурду, анткени Кытай менен Америкадагы саясий шайлоолор бир гана эки өлкөнүн ички иштеринин жана алыскы арадагы келечегине таасирин тийгизбестен, дүйнө жүзүндөгү иштерине жана келечегине дагы таасирин берет. Бул көрүнүштү 20 жыл мурун өткөн партиянын XIV-съезди, 10 жыл мурун орун алган партиянын XVI-съездинде кырдаалга салыштырсак эч бир айырмачылык жок.
Арадан дагы 20 жыл өткөн соң (2032-жыл), Кытай менен Американын саясий шайлоо убактысы кайрадан “шайкеш келип”, “Кытай-2030: Биргеликте өсүп-өнүгүү жолунда” аттуу китептеги изилдөөдө жазылгандай, валюта курсунун алмаштыруу методуна же сатып алуу күчүнүн эсебине карабастан, Кытай мамлекетинин ИДƟмү Америкага салыштырмалуу эки эсе көп болот.
Ааламдаштыруу шарттарынан улам 200дөн ашык мамлекеттер жана аймактар ортосунда атаандаштык жүрүп келет. Мамлекеттик атаандаштыктын маңызы бул - күч сынашуу.
Мамлекеттик ички көз караш менен караганда, өнүгүү - ачуу чындык, илимий өнүгүү - ачуу чындык.
Глобалдык көз караш менен караганда, күч - ачуу чындык, ал эми күч өзүнө катуу күчтү жана жумшак күчтү камтыйт.
Мамлекет күчүнүн атаандаштыгынын артында мамлекеттик түзүлүш атаандаштыгы турат.
Эмне себептен Кытай өлкөсү ушунчалык тездик менен Американы кууп жетти? Эмне үчүн Кытай Америкадан озуп өтүшү керек? Эң негизги чечүүчү фактор эмнеде?..
Бул суроолорго жооп ─ Кытай коммунисттик партиясы.
ККП дүйнө жүзүндөгү эң ири партия, партиядагы мүчөлөрдүн саны 8300 миллион адам, Американын Республикалык жана Демократтар партияларынын бардык мүчөлөрүн бириктиргенде дагы жетпейт. Эл арасында айтылгандай; “Элдин көптүгү-бул күч-кубатта”.
Бирок, бул дагы жетишсиз. Анткени, ККПнын маңыздуу өзгөчөлүгү - саясий уникалдуу жана бирдиктүү, демократиялуу, максатка багыттуу, эркин, тартиптүү, динамикалуу уюмдаштырылгандыгында. Американын эки партиясына караганда алда канча күчтүү, алда канча натыйжалуу.
ККПнын Бүткүл кытай элдик өкүлдөр жыйыны эң маанилүү саясий чечим кабыл алуу системасына ылайыкталып, партиянын эң жогорку жетекчилер аппараты иштейт.
Партиянын уставына ылайык, ал 6 мандатка ээ. Биздин ККПнын Бүткүл кытай элдик өкүлдөр жыйынын – кадимки Кытай саясий жобосу деп эсептейбиз. Башкача айтканда саясий демократиялык, саясий консенсус же саясий биримдик процесси.
Өлкө калкынын саны миллиарддан ашык, 56 этникалык улут, 36 провинция (материктеги провинция деӊгээлиндеги административдик мекеме башчылары деген мааниде), 300дөн ашык шаар округу, 2800дөн ашык уезд деӊгэээлиндеги административдик мекеме, ушунчалык чоң өлкөгө бетме-бет туруштук берүү үчүн кайсы жана кандай формадагы саясий демократияны колдонуп, саясий консенсуска өтө алат?
Бул өтө татаал демократиялык жолжобо жана демократиялык жүрүм. Ага болгон көз караштын бөлүнүүсү жана бир бүтүнгө топтоолусу башынан аягына чейин талап кылынып, кайрадан акырындык менен саясий консенсус процесси түзүлөт. Бул АКШнын эки партиясынын Улуттук конгрессине салыштырмалуу кыйла татаал да, кыйла бекемирээк да.
Анын бийликти башкаруу отчетунун билдирүүсүндө;
Саясий шайлоо жана жетекчилерди алмашуу процесси 1,5 жыл убакытка созулуп, 4 этапка бөлүнөт:
Партиянын XVIII-съездине даярдык көрүү;
Партиянын XVIII-съездинин мөөнөтү; Партиянын XVIII-съездинин рухун көтөрүү жана аткаруунун окуу мөөнөтү;
Партиянын XVIII-съездинин БКнын экинчи пленардык отуруму менен «эки жыйындын» мөөнөтү.
(Уландысы бар).
Эскертме:
Материалдар 2012-2013-жылдардын аралыгындагы Кытай менен Американын саясий партияларын салыштыруу иретинде алынды.
Даярдаган
А. САРИЕВ